Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 02.09.2019 14:54

Чаткалда айыл өкмөт 23,1 млн сомго бала бакча куруп, пайдаланууга берди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылында «Нур Билим» бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан маалымдашты.

Ачылыш аземге аким Канжарбек Эшалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймактын башчысы Нургазы Жолдошов, облустук билим берүү бөлүмүнүн усулдук борборунун башчысы Акылбек Токтосунов катышты. Аким балдар үчүн шарт түзүлгөнүн, мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

75 балага ылайыкташкан бала бакчага айыл өкмөттүн бюджетинен жалпы 23 миллион 145 миң сом бөлүнгөн.

Жаңы ишке берилген бала бакчада марафон дагы уюштурулуп, бийлик өкүлдөрү тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлдү. Марафондон жалпы 83200 сом жана 13 баш майда мал-жандык түштү.

Каныш-Кыя айыл аймагында быйыл үчүнчү бала бакча ишке берилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×