Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 02.09.2019 13:14

1-сентябрда мектепке өтүк кийип барган кочкорлук жетекчилердин алгачкы окуучулук күнү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Билим күнү — окуучулардын, студенттердин, ата-энелердин жана мугалимдердин майрамы. Майрамдык маанайды өзгөчө 1-класска кирип жаткандар сезип, өмүр бою эсинде калат.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Кочкор районундагы жетекчилерден жана тургундардан мектеп босогосун аттаганда кандай сезимдер коштогонун сурап көрдү.

Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Исмаилова Роза Ирсалиевна: «Кочкор районунун Шамшы айылындагы орто мектепке 7 жашымда — 1965-жылы 1-класска баргам. Апам күрөң түстөгү форма, ак фартук кийгизип, чачымды тасырайта өрүп, бантик тагып, мектепке ээрчитип барганы эсимде. Биздин балалык союздун тушунда болуп, идеялогия да башкача болчу. Пионер, комсомолдукка өтүү деген өзгөчө жооптуу болчу. Анын талаптары да бар эле. Талаптарга жооп бере албасак пионер, комсомолдукка өтпөй калчубуз. Өтпөй калуу уят эле. Ошондуктан жакшы окуп, жүрүм-турумубузду да карачубуз», - деди.

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбеков: «Кочкор районунун Эпкин айылындагы А.Мааткеримов атындагы орто мектепке 1980-жылы даярдоо классына баргам. Мени мугалим 100гө чейин санатып, эсеп чыгартып, окутуп «сен даярдоо классына барбай эле, дароо 1-класска кирип окусаң болот экен» деп мени 1-класска алып барган. 6 жашымда өзүмдөн улуулар менен тең тайлашып окуп кеткем», - деди.

Кочкор райондук мамлекеттик санэпидемиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы Бактыгүл Орозбакова: «Мен 1962-жылы 1-класска киргем. Ал учурда кийимдин түрү жок болгондуктан апаларыбыз колго тигип кийгизишчү. Мага да апам кызыл гүлдүү сатинден көйнөк, чий баркуттан чыптама тигип кийгизди. Чачыма метрленген ак бантик тагып, бутума өтүк кийгизип алып барган. Агам ал кезде студент эле, ал берип жиберген сумканы (азыркы дипломат) көтөрүп алып барганым эсимде», - деди.

Какен Мурзалиева М.Мусулманкулов атындагы музыкалык искусство орто мектебинин мугалими: «1968-жылы К.Мамбеталиев атындагы Дөң-Алыш орто мектебине 1-класска баргам. Бир үйдүн жалгыз, эрке кызы болчумун. 1-сентябрды аябай күткөм. Уктай албай, улам формамды карап таңды атыргам.

Салтанаттуу линейкага апам алып барган. Класска кирбей, ата-энемди ээрчип ыйлагам. Эсимде, апам мени менен көп убакытка чейин мектепке чогуу барып, сабак бүткөнгө чейин жанымда отурчу», - деди.

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Абакиров: «1989-жылы Кара-Кужур айылындагы мектепке 1-класска баргам. Апам мугалимге деп чоң букет гүл алып берген. Биринчи жолу гүл көтөрүп, мугалимге берүүдөн уялып, башкача абалда болгом. Ошонусу менен эсимде калыптыр», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×