Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусуТалас району 02.09.2019 13:50

Айыл турмушу: А.Сагынбеков үй-бүлөсүнүн кооптонгонуна карабай көк бөрү ойноп, ийгиликтерди багындырууда (видео)

Turmush -  Талас районунун Сасык-Булак айылынын 21 жаштагы тургуну Акыл Сагынбеков өз мүдөөсүн ишке ашырып, көк бөрү оюнунда ийгиликтерди жаратып келет. Аймактагы кабарчы жаш көк бөрүчүдөн кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ат минүүгө кичинесинен эле кызыгат.

«Өзүм эс тарканы атка жакын болуп, ат үстүндө чоңойдум. Атам жакшы жылкыларды бакчу. Ошол аттарды суутуп, аларга жем бергенге абдан кызыкчумун. Кызыгуунун негизде 8-классымдан тарта айыл ичиндеги чакан мелдештерде ойноп жүрчүмүн. Өзүм аттын үстүндө жакшы отургандыктан эр эңиштерге түшүп жүрдүм. Бирок ошол учурда эле көк бөрү ойносом деген максаттарым бар болчу. Кийинчерээк Талас районундагы айыл өкмөттөр арасындагы көк бөрү боюнча мелдештерде өзүмдөн бир топ улуу акелер менен бир тайпада ойноп жүрдүм.

Учурда Талас облусунун «Алкан ата» командасында ойноп жатам. Көк бөрү мен үчүн өтө маанилүү, жашоомдун негизги бөлүгүн түзөт десем болот. Үй-бүлөдө апам, бир тууган агаларым көк бөрү ойногонума каршы болуп келишет. Айрыкча апам кооптонуп, мен ойногон оюндарды көрбөйт. Оюн чоң сүрөө менен өткөндүктөн оюн учурунда жаракат алган жердин ооруганын билбей калабыз.

Бир жолу аттан кулаганда бетим тытылып, чоң жаракат алгам. Ошол учурда апам менин акыбалымды көрүп алып «экинчи ойнобой эле койчу» деп аябай айтты эле. Бирок бул оюнга кызыгууну токтотуп коё албайсың. 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн оюн учурунда атка катуу урунуп, жарым сааттан ашуун убакыт эсимди жоготтум. Оюндун экинчи бөлүгүнөн кийин оюнга катыша албай калдым.

Көк бөрүдө жигитке күч берип турган алдындагы тулпары болот. Мени оюнда жакшы ийгиликке жеткирип жаткан тулпарым — Аларча. Ал адам сыяктуу акылдуу тулпар. Учурда 4 асый. Топту жарып кирип, улакты алып чыкканы жакшы», - деди ал.

Акыл мырза учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×