Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусуАлай району 02.09.2019 09:46

Эгемендүүлүк майрамы: Алайда азык-түлүктөр арзан баада сатылды (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдыгы белгиленди. Анын алкагында борбордук стадионго чогулган жергиликтүү тургундар тоолуу Алайда өндүрүлгөн азык-түлүктөр коюлган жармаңкеге катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жармаңкеде базар баасынан арзан сатылган топоз эти, сары май, карагат, курут сыяктуу азык-түлүктөр коюлду. Ошондой эле кондитердик азыктар, шырдак, кийизден жасалган сувенирлер көрсөтүлдү. Иш-чарага райондун акими Замирбек Молдокулов баш болгон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Ал эми майрамдык салтанатты Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбек ачты. Куттуктоо сөздөрдөн кийин тарыхый инсандар жөнүндө сахналаштырылган программа тартууланган. Андан тышкары концерттик программа, спорттук мелдештер (аркан тартыш, бука тартыш, күрөш) жана улуттук оюндар майрамдын көркүн ачты.

Спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×