Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 01.09.2019 21:44 На русском

Сүрөт — Өмүрбек Текебаев кичи мекенине келди

Turmush -  Бүгүн, 1-сентябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев кичи мекенине – Базар-Коргон районунун Акман айылына келди, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Саясатчыны туугандары, айыл аксакалдары, тарапташтары Ош—Бишкек жолунун жээгинен тосуп алышты.

Эртең, 2-сентябрда Өмүрбек Текебаев кичи мекенинде түлөө өткөрөрү маалым болду.

Буга чейин маалымдалгандай, 29-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурунку депутат Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгарган.

21-августта Жогорку сотто мурунку депутат Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иштеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот отуруму өткөн. Сот Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун ишин кайрадан Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү чечимин кабыл алган болчу.

Жогорку соттун токтому менен Ө.Текебаев менен Д.Чотоновго карата чыгарылган Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы, Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 2-октябрындагы, Жогорку соттун 2017-жылдын 21-ноябрындагы жана 2019-жылдын 3-майындагы өкүмдөрү жокко чыгарылган.

Жактоочулар Жогорку соттон Өмүрбек Текебаев менен мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра Биринчи май райондук сотуна жөнөтүүнү суранышкан.

-------------------------------------------------------------

2019-жылы 3-майда Жогорку соттун соттук коллегиясы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча сот өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Соттук коллегия Кылмыш-процесстик кодексинин 384-389-беренелерин жетекчиликке алып, токтом чыгарган. Токтомдо: «Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемесинин башчысы Мамбетовдун соттолуучу Өмүрбек Текебаевге карата жазык иштин жаңы жагдайы боюнча кароо сунушу жана анын кызыкчылыгын жактаган жактоочулар Жаныбеков, Асманбаевдин арыздары, жазаларды аткаруу кызматынын №27 мекемесинин башчысы Сатыбалдиевдин соттолгон Дүйшөн Чотоновго карата жазык иштин жаңы жагдайы боюнча кароо жөнүндө сунушу канааттандырылсын. Соттук акциялардын бөлүмүнөн соттолгон Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана Чотонов Дүйшөн Тезекбаевичке карата колдонулган үй-мүлкүн конфискация кылуу жазалары алынсын. Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылсын. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт», - деп айтылат.

-------------------------------------------------------------

Ө.Текебаев 2017-жылы 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 2017-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Облустук сот, кийин Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×