Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.08.2019 13:06

Ак-Суудагы майрамда нан сынагы өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунда эгемендүүлүктүн 28 жылдык мааракесине карата нан сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, сынакка райондогу 10 мекеме катышып, нандын улуулугун даңазалашууда. Жыйынтыгында 1-орунга Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, 2-орунга аймактык оорукана, 3-орунга райондук билим берүү бөлүмү ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×