Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.08.2019 12:15 На русском

Жети-Өгүз районунда Социалдык фонддун жаңы имараты ачылды (сүрөт)

Turmush -  Эгемендүүлүк майрамына карата Социалдык фонддун Жети-Өгүз райондук башкармалыгынын жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мекеменин башчысы Максатбек Акунов билдирди.

Анын айтымында, алар буга чейин иштеп жүргөн имарат мурда бала бакчанын имараты болгон. Андыктан аны бошотуп берүү менен жаңы имаратка көчүштү. Мурда банк болгон имаратты оңдоо иштерине 1,5 млн сом сарпталган.

Ачылыш аземде мекеменин буга чейинки имараты оңдоодон өтүп, кайрадан бала бакча катары пайдаланыла турганы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×