Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 30.08.2019 17:32 На русском

Айыл турмушу: 1 класс дагы билим албаган Керээз апанын кол эмгектери чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө коюлган (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылынын 93 жаштагы тургуну Сарыбагышова Керээз апанын колунан чыккан эмгектер чет өлкөлөргө чейин көргөзмөлөргө коюлган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ата-энесинен эрте ажыраган.

«Мен 1926-жылы төрөлгөм. Бирок паспортко 1932-жыл деп жазып коюшкан. Өзүмдүн апам мен 4 жашка чыкканда кайтыш болгон. Атам болсо мен апамдын курсагындагы кезимде эле кайтыш болуп кетиптир. Ошондуктан атасынан калган керээз деп атымды Керээз деп койгон экен. Бала кезде эртеңки күндүн камын ойлоп, талаада эмгектенчүбүз. Иштесең кышында жегенге оокатың болот. Ал кезде кыштын ызгаары бетиңди ачыштырып коёр эле. Согуш башталганда эс тартып, чоңоюп калгам. Апалар менен бирге эмгекке жарамдууларыбыз талаада машак терип жүрдүк. Ошондо кыйын мезгил болду. Канчалаган апалар жакындарын жоготуп, кан жутуп ыйлашкан. Кийин колхоздун тамекисинде иштедим. Андан соң МТФте саанчы болдум. Канчалаган уйду колго сааган күндөр болду. Ошондо эч ким эч кимге эрегишпей, талыкпай эмгек кылганбыз.

16 жашымда өзүм туулган айылга эле келин болдум. Абышкамдын аты — Ырысалы. Колхоздун жоон билек жумушчусу болгон. Алдыңкы болуп иштеп Москвага барып келген. Сыйлыктарга далай жолу татыган. Экөөбүз Чолпонкул, Чолпонбай, Сейилкан, Ырыскан, Күлүмкан деген уул-кыздарды көрдүк. Азыр алардын ысык чайын ичип отурам. Баары бала-бакыралуу. Жашыбыздан жумушка бышып, балдарды тарбияладык. Абышкам 67 жашында кайтыш болуп кетти.

Жашымдан шырдак жасап, ал ишти кызыгуу менен алып кеттим. Мен жасаган шырдактар, төшөнчүлөр Казакстанга чейин көргөзмөгө коюлчу. Эми кайрадан шырдакты эл колдонуп келе жаткандай.

Мектепте окубай калдым. 1 класс дагы окуган жокмун. Бир тууган эжемдин колунда чоңоюп, сабакка барган эмесмин. Кээде окуп, тамга таанысаң жакшы турбайбы деп өкүнөм. Тамга тааныбасам дагы сезимим күчтүү. Бир укканымды эсиме жакшы сактачумун. Акчаны кармап жүрүп санаганды билдим. Билимге ээ болуп, жалкоо болбош керек. Антпесе заманды көрүп отурабыз. Жаштар ынсаптуу болсун, кудай кубат берсин. Элим аман болуп, жакшынын үстүндө жүрүшсүн. Менин жашыма жетишсин», - деди ал.

Керээз апа 2 уул, 3 кызынан 15тен ашуун неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×