Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Ош облусу, Ош 30.08.2019 13:34 На русском

Мейманканада күн көргөн студенттер: Ошто жаңы окуу жылына карата батирлердин ижара акысы кымбаттады. Видео

Ош шаарындагы радио түйүндүн алдына чогулган студенттер
Ош шаарындагы радио түйүндүн алдына чогулган студенттер

Turmush -  Ош шаарында жаңы окуу жылынын алдында студенттердин көбөйүшү менен батирлердин ижара акысы кымбаттады. Бул тууралуу Ош шаарына аймактардан келген студенттер билдиришти.

Ош шаарында жаңы окуу жылынын башталышы менен батирлерге болгон суроо-талап дагы жогорулайт. Алыскы облус жана райондордон келген студенттер батирлердин ижара акысы кымбат болгондуктан, мейманканаларда күнүнө 200 сомдон 500 сомго чейин төлөп жашоого аргасыз болуп жатышканын айтышууда.

Быйыл жогорку окуу жайдын 1-курсунда окуй турган Пахлавон Шарипов арзан батир таба албай, 3 күндөн бери мейманканада жашап жатканын билдирди.

«Мен Баткен облусунун Лейлек районунан келдим. 3 күндөн бери радио түйүнгө келип жатам. Бул жакта 1 бөлмөлүү батирлерди айына 10 миң сомдон жогору берип жатышат. Жатаканаларда жашайлы десек, ал жактын шарттары начар, кышында суук болот экен. Азыр батир тапканга чейин мейманканада күнүнө 200-500 сом төлөп жашап жатам», - деди ал.

3-курстун студенти Шертай кызы Эшманай батирлердин ижара акысы 5-6 миң сомдон 10-15 миң сомго чейин кымбаттаганын айтууда.

«Былтыр 1 бөлмөлүү батирдин баасы 5-6 миң сом болсо, быйыл ошол эле батирлердин ижара акысы 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин болууда. Чет өлкөдөн келген студенттер айла жок ошол акыны төлөп жашашат. Ал эми жергиликтүү бизге окшогон студенттер андай бааны төлөй алышпайт. Бир үй-бүлөдө 2-3 студент болсо кыйын болуп калат», - деди Эшманай.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинин жатакана боюнча координатору Канат Абылкасым уулу жатаканаларда шарт жок деген сөздөрдү четке какты.

«Биздин жатаканаларда студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ар бир бөлмөнү жылыткыч жана тамак-аш даярдоо үчүн газплита менен камсыздаганбыз. Ысык суу, муздак суу, ажатканалар жатаканалардын ичинде. ОшМУнун карамагында жалпысынан 10 жатакана бар, аларга 2 миңге жакын студент кабыл алынат», - деди Канатбек Абылкасым уулу.

Экономика илимдеринин кандидаты, доцент Эрлан Камалов быйыл батирлердин ижара акысы 10 пайыздан 30 пайызга чейин кымбаттаганын айтты.

«Ош шаарындагы окуу жайларда жалпысынан 70 миңден ашуун студенттер билим алат. Буга чейин чет элдик студенттер Индия, Пакистан, Бангладештен келишсе, быйыл коңшу Өзбекстандан да келишти. Пайыздык көрсөткүч менен алып караганда Өзбекстандан келген студенттердин саны шаардагы студенттердин санынын 3-4 пайызын түзүүдө. Батирлердин ижара акысынын кымбатташына чет өлкөдөн келген студенттер да таасир тийгизди.

Экинчи фактор катары ипотекалык негизде берилип жаткан көп кабаттуу үйлөрдү алсак болот. Учурда жеке компаниялар тарабынан шаарга ар түрдүү класстагы заманбап көп кабаттуу үйлөр курулуп, тургундарга берилип жатат. Батир берүүчүлөр ипотекага үй алып, анын акысын төлөө үчүн ипотекага алган үйлөрүн кайра ижарага беришет. Үчүнчү фактор катары ички миграцияны алсак болот. Шаарга иштегени келген жарандардын саны көп. Мындан сырткары чет өлкөдө иштеген мекендештерибиз ар кандай себеп менен кара тизмеге кирип, кайра Кыргызстанга кайтып жатышат. Ушулардын баары батирлердин ижара акысынын кымбатташына алып келди. Мындай учурда мамлекет тарабынан жашоочуларга ыңгайлуу болгон баадагы ипотекалык үйлөрдү куруу керек. Анткени жаш үй-бүлөлөр, мамлекеттик кызматкерлер кыйынчылыкка дуушар болушат. Үстөк пайызы арзаныраак болгон ипотекалык үйлөр көп курулса, батирге болгон талап дагы азайтмак», - дейт Э.Камалов.

Ош шаардык салык башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн адиси Асылбек Абдырай уулунун айтымында, чет өлкөлүк студенттерге батирин ижарага берген жарандар салык төлөбөсө аларга чара көрүлөт.

«Ош шаарында 450-500 батирдин ээлери үйлөрүн ижарага бергени үчүн салык төлөшөт. Алардын басымдуу бөлүгү 1 бөлмөлүү батирдин ээлери. Негизи 1 бөлмөлүү батирдин ээлери 1000 сом, 2 бөлмөлүү батирдин ээлери 2 миң сом, 3 бөлмөлүү батирдин ээлери 3 миң сом төлөшү кажет. Бизде чет өлкөдөн келип окуган студенттер тыкыр көзөмөлгө алынат. Анткени алардын кандай шартта жашап жатышкандыгы тууралуу маалымат болушу керек. Жакынкы күндөрү студенттерге ижарага батир бергендерге рейд уюштурабыз», - деди А.Абдырай уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×