Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Чүй облусуКемин району 30.08.2019 10:43 На русском

«Олжону кууп баратып, баламды унутуп...»: Аңчылыктан эргүү алган Саргашкаевдин тоодогу жашоосу

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Калмак-Ашуу айылынын 49 жаштагы тургуну Чыңгыз Саргашкаев бала кезинен тайган кармап, мергенчиликке кызыгып чоңойгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал үй-бүлөсү менен Чоң-Кемин өрөөнүнүн Калмак ашуусунун оозундагы айылда жашайт. Бийик тоого жакын айылда карышкыр, чөө мал-жандыкка байма-бай кол салып тургандыктан каарманыбыз жырткыч жаныбарларды атууга уруксат документин алган.

«Тайганды бала кезден эле кызыгып багам. Менин таякелерим тайган кармап багышчу. Алардын жомокторун, мергенчиликтеги окуяларын угуп жүрүп, аңчылыкка ошондон кызыгуу пайда болгон. Ошол бала кезден бери канча тайган кармап, бакканымды билбей калдым. Көп эле бактым. Кыскасын айтканда, тайгансыз тура албайм. Үйдө тайган жок болсо бир кызыктай боло берем.

Азыр кыргыз тайгандарын кармаганга кызыккандар көбөйдү. Бул жакшы саамалык. Кыргыз тайган курч, күлүк, акылдуу, келбеттүү болот. Тайгандарды чөөгө, түлкүгө, карышкырга салабыз. Түлкүгө салганда тайгандын күлүктүгүн сынайбыз. Ал эми чөө менен карышкырга мергенчиликке чыгабыз. Бул да чоң кумар», - деди ал.

Мергенчи төрт түлүк мал кармайт.

«Билимим орто. Мал чарбачылыгы менен оокат кылабыз. Кой, уй, эчки, жылкы кармайм. Чоң-Кемин эки тоонун ортосунда, айыл Калмак-Ашуу деген ашуунун оозунда жайгашкан. Ошондуктан айыл Калмак-Ашуу деп аталат. Бул жер мергенчиликке ылайыктуу жер. Аймакта жапайы текелер, элик, кабан, карышкыр, аюу, илбирс бар. Болгон жапайы жаныбардын баары бар десем болот. Булардын ичинен мен илбирсти гана көрө алган жокмун. Башкаларынын баарын көрдүк. Мергенчилик кылуу үчүн тиешелүү документтерим бар. Мергенчи балдар болуп биригип, чөө, карышкыр атабыз. Тоолорго, жаныбарларга туз жеткиребиз», - деди ал.

Чыңгыз мырза мергенчиликтеги кызыктуу окуяларын дагы айтып берди. Анын ичинен эки окуя эсинен кетпейт.

«Мергенчиликте көп эле кызыктуу окуялар болот. Бир жолу 6 жаштагы баламды атка учкаштырып, атты сугарганы сайга барганбыз. Суу жээктеп бир сары түлкү жүрүптүр. Ага тайгандарды салдым. Ошондо анын кумарына кирип, артымда балам учкашып баратканын унутуп калыптырмын. Ал дагы тайгандарга «ал эле ал» деп кыйкырып баратыптыр. Токойго чейин кууп бардык. Бирок тайгандар ала албай калып, кайрылып келе жатканда, «ай, ала албай калды» деп өзүмчө сүйлөнүп жаткам. Артымдан балам сүйлөп жиберди. Артымда балам учкашып баратканын ошондо билдим. Мергенчилик, тайганчылык ушундай кумар. Жан дүйнөң менен берилип кетесиң.

Мындан 2 жыл мурун Илан деген таякемден бир тайган алып келгем. Ошол тайганым жакшы чыгып келе жаткан. Таңга маал тоонун этегинде карышкырлардын жолун тосуп отургам. Бирок мен келгенге чейин жарым саат мурун эле карышкырлар өтүп кеткен экен. Артымды кылчайып карасам эле ашууда кетип баратышат. Тайганым дагы көрө калып, алардын артынан салды. Мен артынан кар жиреп баргыча тайганымды карышкырлар өлтүрүп кетиптир. Абдулла деген тайган болчу. Аны 2 жашында алып келгем», - деди мергенчи.

Алар карышкырга көбүнчө кар жааганда мергенчилик кылышарын белгилеп, карышкырлар жөнүндө айтып берди.

«Карышкырга көбүнчө кар жааганда мергенчиликке чыгабыз. Аларды жаткан жеринен айдап чыгып, беш-алты бала болуп курчап алып атабыз. Карышкырлар деле бөлүнөт. Булар өздөрүнчө район-район, аймак-аймакка бөлүнүп, ошол жерди карашат. Аябай күчтүү карышкырлар бийик ашуулардан түшпөйт экен. Андан алсыздары ылдыйраак, андан дагы алсыздары аябай эле төмөн жакта жүрүшөт. Эң эле алсыз карышкырлар айылдарга жакын жүрүп, мал салга кол салышат.

Тайгандарыма Булкар, Жулкар, Учар деген аттарды бергем. Азыр Россиядан келген орус тайганды багып жатам. Тайгандардын баары жакшы чыга бербейт. Эң жакшы чыккан тайгандардан ушул үчүнчүсү болду. Салбурунга 2 жылдан бери катышып келе жатам. Токмоктогу Совет айылында өткөн мелдешке 2 жыл катары менен барып, 2-3-орунду алдык. Учурда 4 күчүк, 3 тайган кармайм», - деди ал.

Мергенчи үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×