Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2019 13:38 На русском

Сүрөт — Илгиз Мамаевдин «өзгөчө» унаасына отурган ымыркай ыйлаганын дароо токтотту

// Turmush

Turmush -  Ош шаарынын 47 жаштагы тургуну Илгиз Мамаев 14 жылдан бери таксист болуп иштейт. Анын «өзгөчө» унаасын көрүп таң калган кардарлар абдан көп. 14 жылдан бери «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаасын алмаштырбай, аны менен күнүмдүк кирешесин таап жаткан Илгиз мырза жумушундагы кызыктуу окуялары тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Унаамды Ош шаарына "Тико" үлгүсүндөгү унаалар жаңыдан жайыла баштаганда алгам. Адашпасам, 2005-жыл болуш керек. Билинбей эле арадан 14 жыл өтүптүр. Ошол убактан бери унаамдын моторун бир гана жолу оңдоттум. Абалы азыр да эң жакшы. Негизи мен унааларды же бөлмөлөрдү ар кандай оюнчуктар менен кооздогонду жактырам. Унаамдын сыртын, ичин ар кандай нерселер менен жасалгаладым. Унаамды көргөн кардарлар да кызыгат. Айрым кардарлар ошол үчүн мени жалдашат», - дейт таксист мырза.

Ыйлаганын дароо токтоткон ымыркай

«Унаанын жасалгаларына кызыккан бир кардар шаарды айланып, кайсы жерден унаага отурса, кайра ошол жерге жеткирүүнү суранган. Таң калгам... Көрсө ага менин унаама отуруу кызык болуптур.

Мындан сырткары дагы бир окуя болгон. Бир күнү адатымча жумушка чыктым. Аялдамада бир келиндин баласы ыйлап жаткан. Апасы сооротконго аракет кылса да, бала ыйлаганын токтоткон жок. Коомдук унаа кечиккендиктен келин менин унаама отуруп, даректи айтып, ошол жакка жеткирүүнү суранды. Анын баласы унаага отурганда дароо ыйлаганын токтотту. Себеби унаанын ичинде ар кандай шылдыраган, күйүп-өчкөн оюнчуктар бар болчу», -деди Илгиз мырза.

Ал унаасына кызыгып, сатып алгысы келгендер да көп болгонун кошумчалады. Бирок ал унааны өз баасынан 2 эсе кымбат сатып алууну сунуштагандарга да макул болбой койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×