Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 29.08.2019 10:39 На русском

Ырахаттанып чай ичип отурганда колго түшкөн 2 ууру: Аймактык тескөөчү Ч.Дүйшөнкуловдун тажрыйбасы

Turmush -  Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын 38 жаштагы тургуну Чолпонбек Дүйшөнкулов аталган райондо милициянын участкалык ыйгарым укуктуу тескөөчүсү болуп иштейт. Ал тажрыйбасындагы эки уурунун күлкүлүү окуясын айтып берди.

«Иш үстүндө ар түрдүү окуяларга туш келебиз. Өтө кооптуу, кээде коркунучтуу, айрым учурда күлкүлүү окуялар болот. Ошолордун ичинен маанайды көтөргөн окуядан айтып берейин. Бир жолу бир тургундун ую жоголгондугу тууралуу билдирүү түштү. Биз угарыбыз менен ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп баштадык. Дароо эле шек жараткан издер менен уурулардын артынан түштүк. Ал издер бизди ошол эле айылдын ичиндеги кароосуз калган үйгө алып барды. Уурулар кандай ойдо болгонун ким билет. Кыскасы бизди таппайт деп ойлогонбу же милиция бүгүн издеп чыкпайт дегенби, айтор уйду эчак союп, короодо ырахаттанып чай ичип отурушуптур. Биз кирип барып эле аларды курчап калдык», - деди ал.

Чолпонбек Дүйшөнкулов эмгек жолун 2003-жылы Бишкек шаарынын күзөт полкунан баштаган.

«Негизи милиция кызматын бала кезден кыялданчумун. «Ар бир кесип ардактуу» деген сөз бар эмеспи. Өзүмдүн кесибим жагат. Албетте, милиция кызматкеринин иши оор. Ага улай үйдүн да бүтпөгөн көр оокаты бар. Чарбалык иштер, үй-бүлөнүн каржы маселелери дегендей. Бирок мунун баарына жубайың жөлөк болуп, кол кабыш кылып турса, кыйла жеңил болот экен. Менин кесибиме түшүнүү менен мамиле кылган жубайым Салтанат мектепте мугалим болуп иштейт. Экөөбүз ынтымактуу үй-бүлөнү куруп, 2 уул, 1 кызды тарбиялап, өстүрүп келебиз.

Үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусумун. 2 иним жана 2 карындашым бар. Ата-энем ардактуу эс алууда.

Жетишкен ийгилик, алган сыйлыктар өтө эле көп. Алардын ичинен эң негизгисин айтсам, 2018-жылы Чүй облусу боюнча «Эң мыкты аймактык тескөөчү» наамын алгам. Бош убакта үй-бүлөм менен тоодо эс алууну жактырам. Келечекке максаттарым көп. Анын ичинен кыргыз элиме талыкпай эмгек кыла берсем дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×