Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2019 10:20 На русском

Видео — Ошто чемпион аталган волейболчуларды кантип тосуп алышты?

Turmush -  Кечээ, 28-август күнү «Ош» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын оюнчулары Нурмухаммед Токтобай уулу менен Алберт Орозбай уулун салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, спортчулардын жакындары барышкан. Алар волейболчуларга чепкен жана калпак кийгизишти.

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Непалда өткөн Азия чемпионатынын Борбордук зонасындагы мелдеште жеңүүчү аталышкан. Биринчиликте 7 мамлекеттин курамасы күч сынашкан. Чемпионаттын жүрүшүндө Кыргызстандын спортчулары Непалдын жана Мальдив аралдарынын курамаларын 3:0 эсебинде жеңген. Жарым финалдык беттеште дагы Түркмөнстандын курамасын 3:0 эсебинде утуп, финалда Өзбекстандын волейболчуларын жеңип, Азиянын Борбордун зонасында чемпион аталышкан.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы Кыргызстандын жана Өзбекстандын волейболчулары 24-августта беттешкенин жазган.

Кыргызстандын волейбол боюнча курамасынын жана Ысык-Көлдүн «Жаңы муун» клубунун капитаны Оңол Каныбек уулу биринчиликте эң мыкты оюнчу аталган.

Мелдеш 19-24-август күндөрү Непалдын Катманду шаарында өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×