Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 29.08.2019 09:57

Токтогулда 5 жаштагы бала Чычкан суусуна агып каза болду

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Кечээ, 28-августта Токтогул районундагы Чычкан суусуна 5 жаштагы бала агып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 235-чакырымында (Ак-Көл тилкеси) болгон. Кырсыктын кесепетинен Чычкан суусуна 2014-жылы туулган А.Д. аттуу бала түшүп кеткен. 28-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден 61 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20 адам тартылган. Куткаруучулар баланын жансыз денесин саат 18:10 чамасында суудан таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×