Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2019 09:26

Оштун жашоочулары сууда сүзүү боюнча күч сынашты (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 28-август күнү Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп, ага окуучулар, студенттер, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары катышты. Мелдештин башкы максаты — тургундарды сергек жашоого үндөө. Мелдеште 14 жаштан 45 жашка чейинки спорт сүйүүчүлөрү ат салышып, мырзалар, кыз-келиндер жана окучуулар өз-өзүнчө күч сыгашты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер тапшырылды.

«Биз бул иш-чараны жыл сайын өткөрүп турабыз. Шаар тургундарынын маанайын көтөрүп, келе жаткан 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурдук. Мелдешке жалпысынан 50-60 катышуучу катышып, алар 50 метр аралыкка чейин сүзүп жарышты», - деди Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башкы адиси Кубатбек Дубанаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×