Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Талас облусуТалас району 28.08.2019 18:01

Айыл турмушу: Таластык Р.Тыналиев 18 жылдан бери орус ээрлерди жасап сатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Жоон-Арык айылынын 44 жаштагы тургуну Руслан Тыналиев 5000 сомдук орус ээрлерди жасайт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ээрлерди жасап жатканына 18 жыл болду.

«Бакас деген таятам ээр чапчу. Мен таятамдын колунда чоңоюп, ал кишинин кыргыз ээрлерди чапканын көрүп жүрчүмүн. Кийин өз үйүмө келип, ат минип жүрдүм. Жылкылар ээрге муктаж болгондуктан өзүм ээрлерди чаап көрөйүн деп баштагам. Ошентип 18 жылдан бери чаап жүрөм. Кыргыз ээрди толук чапкан эмесмин, оңдоп жүрчүмүн. Бирок көзүм жетет. Улак чапкан чабандестер орус ээр талап кылышкандыктан ушул түрүн жасоо менен алектенип келем. Уйдун башынын териси менен каптап коём. Баштын териси калың, ал капталган ээр бекем болот. Ушул айылда мен жасаган 30га жакын ээр колдонулуп жүрөт.

Ээрлерди атайын Бишкектен алдырган кайыштар менен дагы каптап берем. Кайыштан капталган ээрлерге эл аябай кызыгат. Ошондуктан кайыш менен каптоону четте калтырбайм. Башка жумушка алаксыбасам 1 ээрди 2 күндө даярдап коём. Жыгачы чабылат, анын темир менен дагы бекемделген жерлери бар. Баарын өзүм ширетип, формага келтирем. Талас ичинен кардарлар келишет. 1 ээр 5000 сомго бааланат.

Эң алгач өзүмө кийиз капталган көрктүү ээр жасагам. Аны атка токуп базарга барганда бир жигит сатыңыз деп калды. Билишимче анын акчасы деле жок болчу. Бирок ушундай кызыгып сурап туруп алды. Ошондо ээрлер 2000 сомго жетпеген акчага бааланчу. Мен баягы ээрди 5000 сомго сатам десем, жигит макул болду. Бир жигиттен карызга акча алып келип, менден сатып алган. Ошол эң биринчи кымбат саткан эмгегим болгон. Ал ээр азыр дагы коңшу айылда колдонулуп жүрөт. Мен болсо ээрсиз атты жетелеп келе бергем.

«Ээр жасоону үйрөтүп коюңузчу» деп айылдан балдар көп келишчү. Азыр сейрек болуп калды. Күнүнө 2-3 бала жанымда отуруп, жасаганды өздөштүрүшөт. Өздөрүнө дагы ээр чаап кетишет. Ал балдар уста болуп кетишпесе дагы кыргыз жигити болгондон кийин эр жасоо ыкмасын билип алса дейм. Башка жумуштар дагы болгондуктан жылына 20 ээр жасап калам. Андан башка жүгөн, кайыштан жана жиптерден камчы өрүп жасайм.

«Жигитке 70 өнөр аздык кылат» дегендей бала күндөн бери айыл ичинде улак чаап жүрөм. Командалык оюн болгондуктан, команда менен бирге акчалай байге, мал утуп жүрөбүз. Улуу балам кыргыз күрөш менен машыгат, калгандары улак чабышат», - деди ал.

Уста 4 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×