Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 28.08.2019 13:18

Жаш талант: Спорттогу карьерасын футболдон баштаган Барчынайдын ийгилиги

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылынын тургуну Барчынай Махмудова 7 жашынан баштап спортко аралашкан. Ал учурда кулатуу эр таймаш боюнча өспүрүмдөр арасында алдыңкы орундарды бербей келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 7 жашымдан баштап спортко аралаштым. 1-класстан 7-класска чейин футбол, 8-класстан 11-класска чейин эркин күрөш менен машыксам, учурда кулатуу эр таймаш менен машыгып жатам. Негизи спортко кызыкчумун. Ошол себептен футбол ойноп жүрдүм. Кийин 8-класста таякем эркин күрөш боюнча спорт мектепке алып барды. Ошондон баштап менин спорттогу чыныгы жашоом башталды. Ошол жылдардан бери бир кыйла мелдештерге катыштым. Жеткен ийгиликтерим кудайга шүгүр. 2016-жылы Бишкек шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 60 кг салмакта 3-орунду, 2017-жылы Кыргызстандын чемпионатында 1-орунду, 2019-жылы грэпплинг боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионатында 2-орунду, 2019-жылы кулатуу эр таймаш боюнча Бишкек шаарында өткөн чемпионатта 1-орунду жана башка мелдештерден алдыңкы орундарды жеңип келе жатам», - деди ал.

Барчынай Махмудова 2000-жылы Москва районунун Беловодск айылында төрөлгөн.

«1997-жылы ата-энем Тажикстандан көчүп келишкен. 5 бир туугандын экинчисимин. 4 кыз, 1 уулбуз. Жогорку окуу жайга барган жокмун. Айылда спорт менен машыгып жатам. Үйдөгүлөр каршы болгон жок. Кандай мелдешке барсам дагы колдоп, батасын беришет.

Келечекте Валентина Шевченкого окшоп кыргыз желегин дүйнөгө желбиретким келет. Дагы бир максатым ийгиликтерди багындырып, жакшы жетишкендиктерге жетишип алсам, ата-энемди ажыга жибергим келет», - деди жаш спортчу кыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×