Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 27.08.2019 14:58

Нарын шаарында өткөн ордо оюнунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Ордо оюнунун абалак түрү боюнча Нарын шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Биринчилик коомдук ишмер Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулду. Оюндун жыйынтыгында Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылынын командасы бардык атаандаштарын жеңилүүгө аргасыз кылышты.

Экинчи орунду Нарын районунун Жалгыз-Терек айылынын командасы камсыз кылса, 3-орунду Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору жана медалдары тапшырылды.

Жаңы-Күч айылынын командасы кубок менен сыйланып, Асанбай уулу Тилек аттуу оюнчусу, «Жалгыз-Терек» командасынан Нурсеитов Нурлан, «Ача-Кайыңды» командасынан Керменбаев Токтобек мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн баалуу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×