Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 27.08.2019 09:19

Майлуу-Сууда калкка Бузуулар кодексинин иштөө тартиби түшүндүрүлүп жатат

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында ушул жылдын башынан тарта күчүнө кирген жаңы мыйзамдардын иштөө тартиби боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы кодекстердин алкагында Бузуулар боюнча протоколдорду туура толтуруу, иш кагаздарын алып баруудагы маалыматтар камтылган жыйындар облустун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда.

Бул багытта Майлуу-Суу ШИИБи тарабынан жергиликтүү администрацияларда жыйындар өткөрүлүп, жаңы кодекстер боюнча кеңири маалыматтар берилип, кызуу талкууга алынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×