Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
26.08.2019 14:29 На русском

Самат Кожобергенов өкмөттүн Чүйдөгү өкүлчүлүгүнүн убактылуу аппарат жетекчиси болду

Turmush -  Кожобергенов Самат Таштанбекович өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн убактылуу аппарат жетекчиси болду.

Кожобергенов 1980-жылы 13-декабрда Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын Кой-Таш айылында төрөлгөн. 1988-1998-жылдары Таш-Мойнок орто мектебинде, 1999-2001-жылдары Бишкек финансы-экономикалык техникумунда, 2008-2012-жылдары Чүй университетинде окуган. Кесиби финансист. Эмгек жолун 2001-жылы Аламүдүн району боюнча мамлекеттик салык инспекциясында баштаган.

- 2004-жылдан 2006-жылга чейин Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин башкармалыгында адис;

- 2006-2007-жылдары Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;

- 2007-2008-жылдары «Фарвард» ЖАКтын сатуу боюнча менеджери;

- 2009-2013-жылдары Таш-Мойнок айыл аймагынын жер адиси, айыл өкмөт башчынын убактылуу орун басары, убактылуу айыл өкмөт башчысы болуп иштеген.

- 2017-жылдан ушул мезгилге чейин Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары.

2013-жылы Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты болгон. 2016-жылы депутаттык мандатын тапшырган. 2016-жылдан 2017-жылга чейин Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенди.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

WhatsApp Image 2019-08-26 at 11.56.12

Буга чейин бул кызматта маркум Молдакун Абдылдаев иштеген. Ал үй-бүлөсү (жубайы, уулу, жээн небереси) жана айдоочусу менен чогуу ушул жылдын 30-июнунда жол кырсыгына кабылып, унаа менен бирге Көкөмерен суусуна агып кеткен. Кийин үй-бүлө мүчөлөрүнүн жансыз денеси табылып, жерге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×