Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.08.2019 07:20

Ак-Суунун Жыргалаң айылында чет өлкөлүктөр катышкан жайкы фестиваль өттү

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында туристтерди тартууга арналган «J-Fest» фестивалы өттү. Бул тууралуу Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар, 300гө жакын турист катышты. Анда тушоо кесүү салты, көк бөрү, эр эңиш, кыз куумай өңдүү улуттук оюндар жана веложарыш уюштурулду. Ошондой эле ар кандай мастер-класстар көрсөтүлдү.

Фестиваль 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл майрамга конок болуп алп адамдар да келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×