Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 15.09.2019 19:00 На русском

Айыл турмушу: Лейлектик Д.Кадыров чет өлкөдөн асыл тукум койлорду, жылкыларды алып келип багып жатат (вилео)

Turmush -  Лейлек районунун тургуну Дилшод Кодиров бир нече жылдан бери асыл тукум мал багып келе жатат. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, чарбасында 350 баш кой болсо, анын ичинен 176 башы асыл тукум афган койлор. Буга катар эле Россиядан ар бири 10 миң долларга алынып келинген асыл тукум жылкы, уй, букалар багылат. Жакында 13 миң долларга Орлов породасындагы таскактуу аттарды алып келди. Бир эле аттын 1 жылдык чөбүнө 120 миң сом кетет. Учурда чарбасында 10 жылкы, сүт багытында 15 уй, эт багытындагы 10 бука багылууда. Чарба 20 жылдан бери жылына 1 млн сомдон жогору киреше табат.

Койлору 130-140 кг эт берет. Койлордун жүнү кыркууга болбойт. Убагы келгенде өзү түлөп түшүп калат. Азыркы учурда асыл тукум койлорду алууну каалагандар көп. Жалал-Абад шаарына 25 миң сомго кой саткан. Афган породасындагы койлор Кара-Кулжага, Бишкекке да сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×