Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 24.08.2019 10:10 На русском

Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүндө катуу сел жүрдү

Turmush -  Бүгүн, 24-августта Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүндө катуу сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сел жөнүндөгү маалымат түнкү саат 3:30 чамасында түшкөн. Ысык-Көл райондук администрациясынын жетекчилиги шашылыш штаб түздү. Бардык ишкана-мекемелердин жана ӨКМдин кызматкерлери ишембиликке чыгып, селге бөгөт коюу иштери жүрүп жатат.

Дал ушул жерде 3 жыл мурун да катуу сел жүрүп, бир нече мекемелер жабыркаган. Сел катуу жааган жаандан Тогуз-Булак суусунун нуктан чыгып кетишинен улам болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×