Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 23.08.2019 17:42

Нарын шаарындагы кудуктарга түшүп кеткен тургундардын нааразычылыгы

Turmush -  Нарын шаарынын Ат-Башы аймагындагы Качкынов көчөсүнүн жолуна асфальт төшөлүп, 3 жумадан бери 2 кудук ачылган бойдон турат. Ага шаар тургундары байкабай түшүп кетип, денесин оорутуп алууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардыктар билдиришти.

«Жолду жакшынакай бүтүрүп коюшту. Бирок андагы ачылган кудуктар бүгүнкү күнгө чейин жабыла элек. Макул, күндүз кудуктардын ачык экени көрүнүп турат. Бирок кечкисин ачылган кудуктар көрүнбөй, ага түшүп кеткен адамдар көп кездешип, денебизди оорутуп алдык. Балдарыбыз бул жерде ойношот. Алар түшүп кетип жабыркашса эмне болот? Жолду салып бүткөн соң, кудуктарды дагы бекитип койсо жакшы болмок», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×