Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 23.08.2019 15:43

Үрүп жана мыёлогон Айша, дарыгерге кол салган бейтап: А.Төлөгөнова түрдүү бейтаптар менен иштейт

Асылгүл Төлөгөнова
Асылгүл Төлөгөнова

Turmush -  Нарын шаарында 36 жылдан бери медицина тармагында иштеп келе жаткан Асылгүл Төлөгөнова быйыл 62 жашта. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Асылгүл Төлөгөнова 1958-жылы Нарын шаарында туулган. Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебин аяктап, 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка өткөн. 1982-жылы педиатр адистигин алып чыгып, кийин Нарын облусу боюнча психиатрия, наркология кызматы боюнча координатор болуп дайындалган.

«Окуумду бүтүп келип, 2 жыл Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө неонатолог болуп иштедим. Кийин 1985-жылы 65 койкалуу наркологиялык диспансер ачылып калды. Ал жакка дарыгерлерди топтой башташты. Бизде ал убакта дарыгерлер көп болчу. Кайсы жерде дарыгер жок болсо ошол жакка жиберишчү. Мени ошол жакка чакырышты. Бир ай ойлондум. Үйдөгүлөр менен кеңешип, акыры макул болдум. Бирок педиатриядан кеткенде бир дүйнөнү таштагандай болдум. 1986-жылы 5 ай кайрадан окуп келип, ошондон бери Нарын облусу боюнча психиатрия, наркология кызматы боюнча координатор болуп иштеп келем», - деди ал.

1999-жылы саламаттыкты сактоонун отличниги, Нарын шаарынын, Нарын облусунун ардактуу атуулу болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы, КРдин психиатрия боюнча ассоциациясынын ардак грамотасы менен сыйланган.

«Биз ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иштешебиз. Бейтап менен иштөө өтө оор. Алардын тилин таап иштеш керек. Азыр элдин баары эле депрессияда жүрүшөт. Адамдардын кулк-мүнөзү, кыял-жоругу өзгөргөн. Жашоо турмуш дагы мурдагыдай эмес. Ортодо тартыш заман болуп кетти. Эң жөнөкөй нан, кумшекер жетишсиз болду. Элдин баары кайгырып, эми эмне кылабыз деп калышты. Акча дагы өйдө-төмөн болуп туруп алды. Ошонун баары элдин психологиясына таасирин тийгизет экен. Депрессияга түшүп, агрессивдүү болуп калышкан. Азыр айрымдар дароо эле уруша кетишет. Сөз көтөрө алышпайт, баёо сезими азыраак.

Айрым убактарда бейтаптар эч нерсени билбей калышат. Өз сезимдерин жоготуп коюшат дагы байкабай калышат. Ушул багытта иштеген медиктер өзүбүздү коргоого аракеттенишибиз керек. Бирок кудай сактасын, мен бейтаптан запкы жеген убак болгон жок. Бейтап бир дарыгерди стол менен чаап, медайымды сабап салган учур болгон. Алар ошондо тил табыша албай калса керек деп ойлойм. Буларга жумшак мамиле жасаш керек. Алар аябай сезимтал келишет. Алардын ичинен такыр сүйлөбөй, кыймылсыз жатып калган бейтаптар болду. Шизофренияга кабылып, оорусу күчөгөндөр мышыкча мыёлошот.

Бизде Айша деген эже бар эле. 40 жаштардагы аял болчу. Акыл-эсинен артта калган (күчөп кеткен түрү) деген диагноз коюлган. Кетип баратып эле мышыкты туурап мыёлоп, итти туурап кадимкидей үрчү. Баарыбыз коркчубуз. Азыр медицина өнүгүп, мурункуга салыштырмалуу мындай оору менен ооруган адамдар айыгып жатат. Азыр стресс, депрессия көп. Жашоодо маалыматтын көптүгү дагы стресске жеткирип жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×