Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 23.08.2019 11:45 На русском

Аксыда жыйын учурунда айыл башчы каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө жана Тосту айылдарынын башчысы Кубат Мырзатаев жыйын учурунда каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга катышкандардын айтымында, Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев эл менен жолугушуп, көйгөйлөрдү угуп жаткан. Ошол учурда К.Мырзатаев эс-учун жоготуп, өзүнө келбей каза болгон.

Маалыматты Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан тастыкташып, айыл башчы буга чейин оорубай эле жүргөнүн билдиришти.

Маркум К.Мырзатаев афган согушунунун ардагери, 55 жашта болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×