Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 22.08.2019 18:26 На русском

Чайканадан чыккан чычкан: Ишкер айым менен тейлөөчү кыздын чыры жана текшерүүлөр

Turmush -  Бүгүн, 22-августа Кара-Суу районунда жайгашкан кафелердин биринде райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кара-Суу райондук ооруларды алдын алуу борборунун башкы дарыгеринин санитардык иштер боюнча жардамчысы Калыс Жолуева текшерүүгө алынган кафенин абалы санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербей турганын билдирди.

«Ушул жылдын 15-августунда бизге Нурпери Жаныбек кызынан арыз келип түшкөн. Анын негизинде Курманжан датка көчөсүндөгү майда манты сатылган кафени текшердик. Жыйынтыгында кафедеги тамак-аш жасоочу жайлар, азык-түлүк сактоочу жерлер талапка жооп бербей тургандыгы аныкталды. Кафеде 10 жумушчу эмгектенсе, анын төртөөсүнүн гана санитардык китепчеси бар экен. Учурда тамак-аштан, тамак-аш жасоочу жана сатуучу жерлерден лабораториялык анализдер алынды. Анализдердин жыйынтыгына жараша тиешелүү чаралар көрүлөт», - деди Калыс Жолуева.

Turmush басылмасы аталган чайканадан тамактанган кардар кафенин короосунда чуркап жүргөн чычканды видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаганын жазган.

Кафенин ээси Патма Умаралиеванын айтымында, кафеде чычкан чуркап жүргөн видеону социалдык тармактарга өзүнүн колунда иштеген тейлөөчү кыз жарыялаган.

«Кафени бир жарым жылдан бери иштетем. Ушул күнгө чейин чычкан же башка нерсе чыккан эмес. Видеону тарткан тейлөөчү кафенин кире беришинде отурган. Бир убакта “чычкан” деп кыйкырып калды. Карасам, сырттан бир кичинекей чычкан кирип келе жатыптыр. Аны өлтүрдүк. Ошону тартып жүргөнүн көргөм. Жумушта ар кандай пикир келишпестиктер болот эмеспи. Кыздар менен уруша кетип, жумуштан чыгып кеткен. Кийин социалдык тармактарга ошол видеону жарыялап, арыз жазып коюптур», - деди Патма Умаралиева.

Арыз жазган Нурпери Жаныбек кызы видеодогу чычкан кафедеги тапчандын түбүнөн чыкканын билдирди.

«Патма эженин чычкан сырттан келди дегени калп. Мен өз көзүм менен көргөм, чычкандар кафенин ичиндеги тапчандын түбүнөн чыккан. Мен ошону айтып, тазалап коелу, эртең текшерип келишсе айып пул салып коюшат дегем. Ошол сөзүм үчүн кафенин ээси менен урушуп кеттим. “Сен бул жерде тейлөөчү гана болуп иштейсиң, ордуңду билип, мага акыл үйрөтпө” деп сүйлөндү. Мен тиешелүү жерге кайрылам десем, “билгениңди кыл” деп мени жумуштан негизсиз бошотту. Ал жердеги абалды жакшы билем. Шарттары талапка жооп бербейт», - деди Нурпери Жаныбек кызы.

Буга чейин Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан чайканадан чычкандын чуркап жүргөнүн көргөн кардар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна арыз менен кайрылганын жазган.

Ош шаары жана Ош облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Светлана Шерматова аталган жайды Экономика министрлигинин уруксаты менен гана текшере ала турушканын билдирген.

«Ишкерлерди колдоо максатында мораторий жарыяланган. Мындан улам биз ишкерлерди негизсиз текшере албайбыз. Арыздын негизинде Экономика министрлигинен уруксат алып текшеребиз. Бул чайкананын санитардык абалына нааразы болгон жаран бизге бүгүн кайрылды», - деген С.Шерматова.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×