Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусу, Ош 22.08.2019 10:58

«Алай» футбол клубу өз талаасында «Академия-Лидерди» жеңип алды

Turmush -  Кечээ, 21-августта Кыргыз премьер-лигасынын алкагында «Алай» футбол клубу өз талаасында Бишкек шаарынын «Академия-Лидер» клубун кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Оюндун биринчи бөлүгүндө талаа ээлери гол киргизип, эсепти ачышты. Беттештин 2-бөлүгүнүн башында «Академия-Лидер» эсеп санын теңөөгө жетишти. Бирок арадан көп өтпөй «Алай» клубунун чабуулчусу Мирбек Акматалиев эсепти 2:1ге өзгөрттү. Ошондой эле «Алайдын» борбордук коргоочусу Акрам Умаров чабуулчу Мирбек Акматалиев жолдогон топту атаандаштарынын дарбазасына киргизип, беттеш 3:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×