Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 21.08.2019 22:38

 Кочкордогу Жүндүбаева атындагы мектепте жайкы лагерь иштеп баштады

Turmush -  Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында жайкы лагерь иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектеп-гимназиянын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Латипа Жутабаева билдирди.

Маалым болгондой, жайкы лагерди өткөрүү боюнча иш план түзүлгөн. Ага 6 машыктыруучу жетекчилик кылууда.

«Окуу үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө китеп окууга түздөн-түз тиешелүү оюн-көнүгүүлөр аткарылат. Экинчисинде китеп окуу элементтерин камтыган кыймылдуу оюндар ойнотулат. Үчүнчү бөлүгүндө балдар окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган чыгармачыл оюн-көнүгүүлөрдү аткарышат. Мындан сырткары окуган жомокторун сахналаштырып, квесттерге катышып, сүрөт тартып, денени өстүрүүчү көнүгүүлөрдү, кагаздардан түрдүү гүлдөрдү жасашат», - дейт Латипа Жутабаева.

Тогуз күнгө созулган лагердин негизги максаты — башталгыч класстардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу, кошумча китеп окууга кызыктыруу. Жайкы лагердин алгачкы күнүндө катышуучулар «Мезгил капсуласы» темасын өтүп, каалоо-тилек жазганды үйрөнүшкөнүн айтышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×