Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ош облусу, Ош 15.11.2019 11:57 На русском

5 баланын апасы Наргиза Усманова изделүүдө

Наргиза Усманова
Наргиза Усманова

Turmush -  Өзгөн шаарынын 39 жаштагы тургуну Наргиза Усманова изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Наргиза 10-августта эртең менен Ош шаарындагы Ашимахунов көчөсүндө жайгашкан онкологиялык ооруканадан чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Ал Өзгөн шаарындагы Ором көчөсүнүн тургуну, 5 баланын апасы.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, чачы узун, кашы жана көзү кара.

Кийген кийими: жашыл түстөгү узун көйнөк, бутунда кызыл түстөгү бут кийим, башында боз түстөгү жоолук.

Наргизаны көргөндөр болсо 0553 28 32 93, 0773 28 32 93 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×