Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.08.2019 17:46

Базар-Коргондун Беш-Бадам айылында таза суу көйгөйү 30 жылдан кийин чечилди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында 30 жылдан бери чечилбей келген таза суу көйгөйү чечилди. Бул тууралуу Базар-Коргон айыл аймагынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Теңирберди Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, Беш-Бадам айылынын тургундары буга чейин ичүүчү суунун жоктугунан Кара-Үңкүр дарыясындагы кир сууну ичип келишкен.

«Айылда 400гө чукул үй бар. Учурда 100гө жакын үйгө таза суу тартылды. Заман талабына жараша суу эсептегичтер дагы орнотулуп, ар бир адам сууну колдонгонуна жараша 1 тонна сууга 15 сомдон төлөйт.

Беш-Бадам айылынан башка аймактарда дагы таза суу көйгөйү бар. Быйылкы жылдын планы менен бул көйгөйдү чечүү аракети көрүлүп жатат. Күз мезгилинин аягына чейин Беш-Бадам айылындагы бардык үйлөргө таза суу түтүктөрү киргизилет», - деди Т.Жолдошов.

Ал эми жергиликтүү тургундар таза суу көйгөйү 30 жылдан бери чечилбей келгенин айтышты.

«Буга чейин ылай аралашкан сууну тундуруп ичип келгенбиз. Суу ташыган унаа кызмат акысы үчүн 1200-1400 сомго чейин алчу. Айына 2-3 жолу суу куйдуруп келчүбүз. Эми Кара-Үңкүр дарыясынан ат, эшек менен суу ташыган күндөр артта калды. Айылда таза суу чыгарылып, эл сүйүнүп жатат. Бул маселе 30 жылдан бери чечилбей келген эле», - деди айыл тургуну Айгүл Карабаева.

Базар-Коргон айыл аймагында 42 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×