Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 20.08.2019 13:37

Кичи футбол боюнча Жумгал лигасынын 1-сезону жыйынтыкталды (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда кичи футбол боюнча Жумгал лигасынын 1-сезону 18-август күнү жыйынтыкталды. Бул оюнга жалпы 16 команда катышып, ал Кызыл-Жылдыз айылындагы кичи футбол аянтчасында болуп өттү.

Жумгал лигасынын 1-сезонун жыйынтыктоо аземине Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Адыл Сапаров жана бир катар демөөрчүлөр катышты.

Бир айга созулган мелдештин жыйынтыгында 1-орунду «Ынтымак» командасы алса, 2-орунду «Кара-Кече» командасы, 3-орунду «Центр» командасы, ал эми 4-орунду «Байзак» командасы жеңип алды. Ошондой эле «Мыкты оюнчу» наамын «Ынтымак» командасынан Асанбек уулу Данияр, «Мыкты коргоочу» наамын «Кара-Кече» командасынан Бердибай Насиров, «Бомбардир» наамын «Центр» командасынан Данияр Асизбеков, «Мыкты дарбазачы» наамын «Тынчтык» командасынан Нурбек Насиров жана «Байзак» командасынан Эркин Байышов алышты.

Байзак айылынын тургуну Байыш Сагынбеков лиганы уюштуруучулардын башында турган.

«Кичи футбол боюнча Жумгал лигасынын башталышынын себеби, Жумгалда мындай лига жок болчу. Лиганын максаты — жаштарды сергек жашоого үндөө. Лига Бишкек шаарында да өтүп жатат. Бул лига жылына 2 жолу өтүп турат. Мындан ары мыкты футболчулардан турган команда түзүлүп, райондук, облустук жана республикалык мелдештерге чыгып турушмакчы. Эми Бишкектеги 4 команда жана бул жердеги 4 команда беттешке чыгышат», - деди Сагынбеков.

Машыктыруучу Азат Сонобаев жаштардын спортко кызыгуусу күч алганын айтты.

«Жалпы 16 команда катышты. Спорт ден соолукту чыңдайт, жаштарды сергектикке үндөйт. Биздин максат — күчтүү командаларды даярдоо. Жакынкы күндөрү супер кубок үчүн алдыга чыккан командалар беттешке чыгышат», - деди ал.

Ал эми жаштардын төрагасы Марат Оторбаев мелдеш жакшы өткөнүн, мыктылар алдыга оозуп чыкканын билдирди.

«Айылдардагы жаштардын ынтымагын бекемдөө үчүн ар бир айылдан командалар катышууда. Лиганын шарты боюнча оюнга жумгалдыктар гана катышат. Буга чейин Жумгалда команда жана шарт жок болгондуктан райондун аты чыкпай келген. Эми буюрса чыгып баштайбыз», - деди Оторбаев.

Райондук спорт комитетинин башчысы, спорт конструктору Рахат Абышов мамлекет тараптан спортко көңүл буруу такыр жоголгонун айтат.

«Мамлекет тараптан спортко көңүл бурулбай калды. Жыл башында пландалган иш-чаралар да өткөн жок. Баары келип каражатка кептелет экен. Каржыны мамлекет бербесе, спорттук иш-чара кантип өтмөк эле? Ошол эле спорттук мекемелердин абалы да жакшы эмес», - деди Абышов.

Алдыңкы 4 команда супер кубок үчүн сентябрь айында Жумгал районунда беттешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×