Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуНоокат району 20.08.2019 14:04 На русском

Ноокаттагы Т.Зулпуев айыл өкмөтү өнүгүү жолунда. Сүрөт

Turmush -  2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Ноокат районуна караштуу Т.Зулпуев айыл өкмөтүндө социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылууда. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, райондогу ар бир айыл өкмөттө өнүгүү пландары иштелип чыккан. Учурда райондун карамагында 16 айыл өкмөт жана 1 шаар бар.

Аким Давранбек Маматалиев

68615544_348364266116127_6147020600637390848_n

Т.Зулпуев айыл өкмөтү 2002-жылы май айында түзүлүп, анын курамына 10 айыл кирген. Жалпы аянты — 11 миң 745 га, райондун борборунан (Ноокат шаары) 8 км алыста жайгашкан.

Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн имаратында маалымат борбору элге толук кандуу кызмат көрсөтүүдө.

Инвестиция

Ушул жылы айыл өкмөткө 45 млн 711 миң сом инвестиция тартылган. Анын ичинен 19 млн 77 миң сом сырттан тартылган:

- 12 млн сому «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду жана «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» коомдук фондунан;

- 3 млн 983 миң сому жергиликтүү бюджеттен;

- 297 миң сом жеке ишкерлерден;

- 2 млн 797 миң сом башка уюмдардан.

Ал эми республикалык бюджеттен Кашкалдак айылындагы М.Нурматов атындагы орто мектебинин капиталдык кулушуна 31 млн сом бөлүнгөн.

Кашкалдак айылындагы «Наристе-Акмарал» бала бакчасынын курулушунун долбоору 45 млн сом болсо, бүгүнкү күндө 9 млн сом бөлүнүп, 1-кабатынын дубалы курулуп бүттү.

Жатан айлындагы Ибрагим уулу Ысмайыл атындагы орто мектебинин спорт залына 16 млн сом каралып, курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.

Өсөр—Үч-Бай айылдарын бириктирүүчү негизги көчөнүн 1 миң 100 метр жерине асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Ага 5,5 млн сом сарпталган.

Атамерек айылында көп жылдардан бери кароосуз калган спорт комплексти реконструкциялоого республикалык бюджеттен 2,6 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 468 миң сом бөлүнүп, демөөрчүлөрдөн 275 миң сом чогултулуп, курулуш иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен Жатан айылындагы Ибрагим уулу Ысмайыл атындагы орто мектебине 470 миң сом жана Калдай айылындагы орто мектепке 140 миң сом бөлүнүп, ашканасынын курулушу бүткөрүлгөн.

Андан тышкары Ош—Исфана жолундагы Атамерек, Калдай, Өсөр айылдарында 5 км жана Караке айылында 1,5 км жолго жарыктандыруу орнотулган. Ага жергиликтүү бюджеттен 1 млн 916 миң сом бөлүнгөн. Караке айылында 47 электр мамычалары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңыланды.

Демөөрчүлөрдүн жардамы

Жогорку Кенештин депутаты Т.Зулпукаровдун колдоосу менен айыл өкмөттө бир топ курулуш иштери жүрүп жатат. Мисалы, «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду жана «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» коомдук фонду тарабынан Айбек айылындагы 1 ФАП, 1 мечит, Үч-Бай айылындагы 1 мечит, 1 ФАП, 1 окуу борбору жана Жатан айылындагы 1 ФАП каржыланып, курулду.

Калдай айылындагы орто мектептин спорт залы жана Уч-Бай айылында спорт зал курулууда.

Айыл өкмөттө «Ак-Билек» тигүү цехи ачылып, 5 тигүүчү машина алынды жана 10 адам жумуш орду менен камсыз болду.

Айбек айылында 2 км, Кашкалдак, Чүчүк айылдарында 2,8 км, Атамерек айылында 500 м, Калдай айылында 2 км, Жатан айылында 500 м жана Өсөр айылында 400 метр (жалпы 8,2 км) көчө жарыктандырылды.

Айыл өкмөттөгү көчөлөрдүн жалпы 11,5 километри ондоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Калкты таза суу менен камсыздоо

Ушул жылдын 1-январына карата айыл өкмөттө 10 айыл бар жана 3 миң 772 түтүн, 22 миң 441 адам жашайт. Алардын ичинен 1 миң 283 үй-бүлө же 7 миң 270 адам таза суу менен камсыздалган. Айыл өкмөттүн балансына 3 суу кампасы, 12 скважина өткөрүлүп, алардын оңдоп-түзөө иштерине Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан 487 миң сом жана айыл өкмөттөн 186 миң сом бөлүнгөн. Андан сырткары Б.Атишев орто мектеби айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнгөн 25 миң сомго таза суу менен камсыздалды.

Караке айылында 300 м, Кашкалдак, Чүчүк айылдарында 200 м, Калдай айылында 300 м жана Өсөр айылында 600 м суу түтүктөрү ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, Кашкалдак, Айбек жана Уч-Бай айылындагы таза суу кампасынын айланасы тосулуп, иретке келтирилди.

Сугат суу боюнча

Атамерек, Калдай айылындагы 200 метр куб болгон 26 лоток ПРООНдун жардамы менен алмаштырылып, Айбек айылында сугат суу үчүн 700 метр жерге диаметри 300 мм болгон суу түтүктөрү тартылып, 40 га айдоо аянты сугат суу менен камсыздалды.

Билим берүү тармагы

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясынын негизинде айыл өкмөттөгү бардык орто мектептер жана 4 бала бакча интернет байланышына туташтырылды. Айбек айылындагы С.Зулпуев атындагы орто мектебинин ар бир классына айыл өкмөттүн бюджетинен видеокамералар орнотулду. Ошондой эле «Үмүт нуру» бала бакчасына 67 миң сомго видеокамералар орнотулган.

Саламаттыкты сактоо

Атамерек айылындагы Ноокат райондук аймактык ооруканасынын неврология бөлүмү ондоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Имарат көп убакыттан бери пайдаланылбай тургандыктан жылытуу системасы, канализация жана электр энергиясы толугу менен жараксыз абалда болгон. Буга чейин президент С.Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турган кезде неврология бөлүмүн капиталдык ондоодон өткөрүүгө аракет кылган.

Курулуш иштерине 65 млн 161 миң сом жумшалып, «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына» карата неврология бөлүмү иштеп баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×