Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 26.10.2019 19:00

Айыл турмушу: Таластык Н.Жусупбеков интернеттен устачылыкты үйрөнүп, үйлөрдү оңдоп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 50 жаштагы тургуну Нурлан Жусупбеков үйлөрдү заманбап кылып оңдоп жатат. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, үйлөрдү заманбап кылып оңдоону интернеттен үйрөнгөн.

«Мен бала күнүмдөн эле сүрөтчү болууга кызыкчумун. Ошол талантым азыр үйлөрдү евростилде оңдоодо көп жардам берет. Анткени өңдөрдү бири-бирине айкалыштырып чыгарууда сүрөтчү адамдын көзү керек болот. Мен буга чейин үйлөрдү жасалгалоого эч кызыккан эмесмин. Өзүм эски үйдү бузуп, ордуна азыркы заманга ылайыктуу там тургуздум. Үйүбүздүн ички жасалгасын бирөөгө бербестен өзүм бүтүрүүнү туура көрүп, керектүү материалдарды алып келип жасап көрдүм. Бул багытта мага интернет чоң жардамчы болду. Интернеттен көптү үйрөндүм. Үйүмдү толук бүтүргөндөн кийин келген дос, жек-жааттар аябай жактырып, чакыра башташты. Тааныш адамдарга жок деп айта албайт экенсиң.

Алгач муну үйрөнүп кетүү оңой болгон жок. Анткени бир жасаган ишимди бир нече жолу кайталап жатып, түн бир оокумга чейин иштеп жүрүп үйрөндүм. Азыркы күндө үйлөрдү евростилде оңдоп киреше таап жатам. Бир үйдү экинчи үйгө окшоштурбай жасаганга аракет кылам. Бул эле эмес, кыштын түрүн коюп дагы устачылык кылып жаткан убагым», - деди ал.

Нурлан уста 1 уул, 3 кыз, 2 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×