Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 20.08.2019 08:37 На русском

«Тирсийген түгөй алмаңдан...»: Ордолуу Оштун ажарын ачкан сулуулар. Сүрөт

Turmush -  Ош шаарында «Ош фест» туризм фестивалынын алкагында иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жибек жолундагы кербен шаардын көчөлөрүн аралап өтүп, Алымбек датка гүлбагына чейин барды. Иш-чаранын ачылышынын алкагында ар кайсы улуттардын салттары, кийимдери көрсөтүлгөн жармаңке уюштурулду. Келген коноктор улуттук кийимчен кыздардын сулуулугун белгилеп жатышат.

Кымча бел сулууларды көрүп, Байдылда акындын «Селкиге» деген ыры эске түшөт.

«Селкиге»

Жаркылдап турган маңдайың,

Жадымдан чыкпай ар дайым.

Карагым келет кайталап,

Карегим талып калмайын.

- - -

Ажарлуу аппак бетиңден,

Кылгырган мөлтүр көзүңдөн.

Кызыккан башка жан тургай,

Кызганам кээде өзүмдөн.

- - -

Тизилген акак тиштериң

Түшүмө кирип бүт менин.

Зорго эле турам суктанып,

Сен өзүң күлүп бүтмөйүн.

- - -

Күчтөнтүп сүйүү көрүгүн,

Бөрсөйөт кызгылт эриниң.

Бүт өмүр бою унутпас,

Биринчи өпсө сени ким.

- - -

Келишкен жумур моюнуң,

Кебездей кыял-жоругуң.

Жигиттин боюн жибиткен,

Жыпар го деймин коюнуң.

- - -

Тирсийген түгөй алмаңдан,

Корунам колго алгандан.

Батынып барып төшүңө,

Баш коёр экен кандай жан.

- - -

Кыйнадың мынча мени не,

Кызыгам кыпча белиңе.

Курушат куйкам аябай

Кучактайм десе кээ бирөө.

- - -

Түшүнсөң калдым берилип,

Түрсүлдөйт жүрөк элирип.

Тууду экен сени кайсы эне,

Турасың жерден бөлүнүп.

- - -

Жылмая карап бир жолу,

Жылытса болду чекемди.

Таба албай ички сырыңды

Тамшанып жүрүп өтөмбү.

- - -

Сүйөм деп сүйсөң, айт жаным,

Сүйбөсөң силкип какпагын.

Тамакка тоюп жүрсөм да,

Махабат жактан ачкамын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×