Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 26.10.2019 17:24 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык С.Токтогазиев шаардан айылга келип, ири мал чарба түптөдү (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 36 жаштагы тургуну Самаган Токтогазиев 10 жылдан бери мал чарбачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала күнүнөн мал кароонун түйшүгүн жакшы билет.

«Мектепти аяктаган соң аскердик кызматты өтөөгө кеттим. Аскерден келгенден кийин шартка байланыштуу мал менен алектенүү керек болду. Алгач базардан мал алып, Сокулукка ташып сатып жүрдүм. 2009-жылы келинчегим менен баш кошуп, Бишкек шаарында жашап калдым. Жер үйдө жашагандыктан базардан 1 уй сатып алып, анын сүтүн коңшуларга сатчумун. 1 жылдан кийин саан уюм 2 баш болду. Кудайым берди окшойт, бир заматта мал чарбачылыгын түптөп, буттан турдум. Пайдасын көрө баштагандыктан айылга келип мал багууну туура көрдүм. Учурда 25 баш бука, 10 саан уй жана торпоктор болуп, жалпы 50 баш бар.

Атайын семиртип, байлап бакканга малчыбыз бар. Айлык маянасы 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин. Ал эми саан уйлар өзүбүздүн мал сарайда. 10 уй 2 маал, жаңы тууган уйлар 3 маал саалат. Атайын саанчы жеңелер жана келинчегим саайт. Саанчы жеңелердин айлык акысы 10 миң сом. 1 уйдан 1 күндө 25 литр сүт чыгат. 1 күндө 180 литр сүт өткөрөм. Сүт алуучулар 17 сомдон алып кетишет.

Букаларды семиртип союп сатам. 1 бука 300 кг чейин эт берет. Этин 310 сомдон сатам. Тирүүлөй сатып ала турган кардарлар бир буканы 95 миң сомго чейин баалап алышат. Кайсы бука канча кг эт берери сырттан караганда эле билинет. Семиртип союш керек болсо 7-8 айга чейин байлап багасың. Бир букадан 40 миң сом таза киреше түшөт. Жылына 250 миң сомго 25 тонна буудай сатып алам. Андан сырткары 100 миң сомдой акчага 1000 түк чөп сатып келем. Жер тартыш болгондуктан чөптү жыл сайын сатып алам. Чөптөн тышкары төө буурчактын калдыктарын берем.

Малга жакын адам гана малдын түйшүгүн түшүнөт. Бардык эле жумуштун түйшүгү болот. Сырттан караган адам оңой эле жумуш деп айтышат. Бирок ошол нерсенин көзүн таап, ишти алып кетсең жакшы. Сырттан келген кардарлар да бар. Малчыбыз семиз кылып кармагандыктан букалар өтүмдүү», - деди ал.

Фермер 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×