Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.08.2019 14:35 На русском

Ак-Сай өрөөнүндө жааган кар кете элек. Сүрөт

Turmush -  15-августтан 16-августка караган түнү Ак-Сай өрөөнүндө 3-4 см кар жаады.

«Күндүз күн ачылды. Бирок кар бар», - деди Ак-Моюн айылынын жайыт комитетинин төрагасы Жылдызбек Алыбаев.

Бүгүн, 19-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, деп маалымдады ӨКМ.

Ак-Сай өрөөнү — Ички Теңир-Тоодогу бийик тоо өрөөнү. Өрөөндө Кыргызстандагы ири жайлоо жана кыштоо жайгашкан. Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа районунун малы багылат. Өрөөндөн автожолу өтөт.

-------------------------------------------------------------------

Ак-Суу районунун Кайыңды жайлоосунда 30 см кар жаап, каттам жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Орунбек Маданбеков билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анын айтымында, жайлоо Эңилчек айылынан 50 чакырым алыста жайгашкан.

«Учурда жол Эңилчек айылына чейин ачык. Андан ары жайлоого кетчү жол жааган кардан улам жабылып калды. Ошол тарапта Куйулма деген жер бар, анда 26 үй-бүлө мал багат. Биздин малчы менен такыр байланыш жок болууда. Унаа бара албай, уюлдук телефон дагы тартпай жатат. Кечээ «Нива» үлгүсүндөгү унаа менен кабар алууга барып, жол жабык болгондуктан өтө албай койдук», - дейт ал.

Малчылардын айтымында, кар 17-августтан тарта жаап, 19-августта саат 18:30 чамасында токтогон. Алар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кабар албай жатканына нааразы экенин айтышты.

Кайыңды жайлоосуна барчу жол жайыт комитетине тиешелүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×