Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 17.08.2019 14:57 На русском

Түптө түн каткан аялды ооруканага алып келишти. Сүрөт

Turmush -  Түп районунун ооруканасына жеткирилген акыл-эсинен жабыркаган аял кишинин жакындары изделип жатат.

Дарыгер Мирлан Эшмукамбетовдун айтымында, аталган аял ооруканага түндө келген.

«Түнкү саат 02:00 чамасында бул аялды Түп районунун борборунан көргөн жашоочулар тез жардам кызматын чакыртышкан. Бирок ал тез жардам унаасына отурбай коюптур. Андан бир сааттан кийин «102» кызматына телефон чалышыптыр. Алар райондук оорукананын түнкү нөөмөт бөлүмүнө алып келишти. Учурда бул аял каяктан келгенин, кайда бара жатканын, эмне кылып жүргөнүн билбей жатат.

Аты-жөнүн сурасак «Маматова Гүлжан Акылбековна, 1982-жылы туулгам» деди. Бул маалымат туурабы же туура эмеспи билбейбиз. Себеби, жанында өздүгүн тастыктоочу бир дагы документ жок экен. Мүнөзү түнт. Тамактан, медициналык текшерүүдөн баш тартып жатат. Эртең менен невропатологго көрсөттүк. Эми гинекологго текшертели десек макул болбой жатат.

Ал боюнча милиция кызматкерлерине маалымат бергенбиз», - деди дарыгер.

index

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×