Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусуСокулук району 16.08.2019 13:39

Айыл турмушу: Рамистин бир түп кызылчасы 4,5 кг болду. Казууга дагы 2 ай бар

Маткерим уулу Рамис
Маткерим уулу Рамис

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылынын тургуну Маткерим уулу Рамистин быйылкы өстүргөн кызылчасынын бир түбү 4,5 кг салмакка барды. Анын айтымында, кызылчаны казып алууга дагы 2 ай бар. Бул аралыкта дагы салмак кошуп, 5-6 кг болушу мүмкүн.

«Быйылкы кызылчамдын эң чоңу 4,5 кг болуп жатат. Казууга дагы 2 ай убакыт бар. Дагы өсөт деп ойлоп жатам. Мындай көрсөткүчтөр буга чейин райондо болуп келген. Мындан да чоң кызылчалар болгон. Менин угушум боюнча 10 кг чейин барган экен.

Кызылчанын сорту андромеда деп аталат. Германиядан алынып келген. Андромеда сортун Кыргызстанда көп өстүрүшөт. Мен быйыл экинчи жылы эгип жатам. Былтыр байкоо үчүн 2 гектарга өстүргөм. Кудайга шүгүр, түшүм жакшы болгон. Кирешеси да болду. Быйыл насыя алып, көбүрөөк тиктим», - деди ал.

Рамис Маткеримов 1990-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында төрөлгөн. Гавриловка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты.

«Кызылчанын көйгөйлөрү абдан көп. Убагы менен сугарып, убагы менен караш керек. Ал эми бааны өкмөт карап берсе жакшы болмок. Азыркы учурда 3 сом 20 тыйындан алып жатат. Арзандап кеткени аз келгенсип акчаны да дароо бербейт экен. Заводдун жетекчилиги акчаны үчкө бөлүп беребиз деп жатат. Биринчи бөлүгүн заводго тапшырганда берсе, 2-бөлүгүн кант менен берсе, 3-бөлүгүн жазында беребиз дешти. Негизи минтип бөлбөй эле дароо акчаны берсе жакшы болмок. Кызылча өстүргөн дыйкандарга жеңилдик болбой эле, тескерисинче экинчи жылы кызылча өстүрбөйм дегендердин санын көбөйтүп жатышат. Себеби, көбү карызга акча же насыя алат», - деди ал.

Ал эми Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Жолдош Ахмедхунов буларга токтолду.

«Рекорд деп айтуудан алысмын. Кезинде Сокулук районунда 10-12 кг салмактагы кызылчалар болгон. Негизи 1 кг салмактан жогору болот. Бул 4,5 кг салмак өтө жакшы көрсөткүч. Казганга чейин дагы 2-3 кг салмак кошуп калышы ыктымал.

Кызылча эккен дыйкандардын көйгөйү бар. Баа туруктуу болбой жатат. Быйыл арзандап, акчаны да толук төлөбөй үчкө бөлүп төлөйбүз деп жатышат. Себеби, кызылчаны алган заводдор менчик болуп кетти. Жок дегенде жарымы мамлекетке караганда дыйкандарга кыйла жеңилдик болуп турат эле. Эми бул боюнча сүйлөшүүлөр болот. Бул маселе менен министрлик кабардар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×