Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 16.08.2019 11:14

Жалал-Абадда авариялык абалдагы мектептин окуучулары окуусун чатырда улантышат

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда быйылкы окуу жылында 3 мектептин окуучулары окуусун мектептен сырткаркы имараттарда улантылары күтүлүүдө.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, облус боюнча 41 мектеп ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылган.

«Мектептердин көпчүлүгү 7-8 жыл мурун авариялык абалда деп табылган. Быйыл алардын катарын дагы 3 мектеп толуктады. Жалпы 41 мектеп авариялык абалда. Ал эми 3 мектептин окуучулары окуусун мектептен сырткаркы имараттарда улантылары күтүлүүдө.

Алсак, Ала-Бука районунун Ажек айылындагы мектептин окуучулары маданият үйүнүн имаратында окуусун улантса, Токтогул шаарындагы мектептин окуучулары ижарага алынган имаратта билим алышат. Ошондой эле Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы окуучулар окуусун чатырда улантууга мажбур», - деди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

Жалал-Абад облусунда жалпы билим берүүчү 467 орто мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×