Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.08.2019 19:00

Аксыда май куюучу жайдын кызматкерин сабоо фактысын милиция текшерүүдө

Turmush -  Аксы районунда май куюучу жайдын кызматкеринин сабалышы боюнча текшерүү иши башталды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, май куюучу жайдын кызматкерин ур-токмокко алган адамдардын арасында милиция кызматкеринин бар же жогун аныктоо үчүн ички иликтөө кызматы териштирүү ишин жүргүзүүдө.

«Учурда жабырлануучу жарандын арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылып, иликтөө жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда 2-августта Кербен шаарындагы май куюучу жайдын кызматкерин 4 адам ур-токмокко алган видео тараган. Алардын арасында милиция кызматкери бар экени айтылган.

Аксы райондук милициясы иликтөө иштери жүргүзүлө турганын билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×