Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусу, Ош 15.08.2019 17:53

Эми дарыгерлер рецептти колго жазбай, электрондук жаңы системаны пайдаланат

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан электрондук жеңилдетилген рецепт системасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош облусундагы аймактык башкармалыгынын директору Максымбек Омокеев билдирди.

Аталган система ушул жылдын май айынан тартып Ош облусунун медициналык мекемелеринде сыноо иретинде иштей баштаган. Система дарыгерлердин жана фармацевттердин сыноосунан өткөндөн кийин пилоттук режимге өткөрүлөт.

«Дары-дармектерге рецепттерди жазып берүүнүн жаңы автоматташтырылган системасы рецепттерди колго жазып берүүнүн жана ай сайын дарыкана менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн дүмүрчөктөрдү чогултуунун ордуна пайдаланылат. Буга чейин дарыгерлер менен дарыканалар тыгыз иштешип, соода жургүзүшөт деген маалыматтар болгон. Эми бейтаптар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн дарыканалардан жаңы система аркылуу дарыларды алса болот. Бүгүнкү күндө Ош шаары жана облус боюнча 44 дарыкана фонд менен келишим түзгөн. Буга чейин дарыгерлер мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйүнө барып же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жакындары аларды жетелеп келип дарынын рецепттерин жаздырышса, эми аны телефонго тиркеме көчүрүү менен жаздыртса болот. Дарыгер өзү берген код менен бейтаптын дары алып же албаганын да текшере алат», - дейт Максымбек Омокеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×