Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Токмок 15.08.2019 08:06 На русском

Унаа сүзүп каза болгон кыздын акыркы мүнөттөрү же жигитине телефондон угулган үндөр

Turmush -  23 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу соттун чечими менен 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Унааны Токмок шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Руслан (аты өзгөртүлдү, Д.Р.) башкарып бара жаткан. Никеси жок, орто билимдүү, иштебейт, бул убакка чейин соттолгон эмес. Ал Жазык кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүмү (этиятсыздыктан киши өлтүрүү), 150-беренесинин 2-бөлүмү (коркунучта калтыруу), 151-берене (жардам көрсөтпөй коюу), 210-беренесинин 1-бөлүмү (бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу), 297-берене (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен айыпталган. 2-февралдан баштап камакка алынган.

Айыпталуучу 1-февралда саат 07:10 чамасында мас абалда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны Токмок шаарынын Дубовицкая көчөсүндө чыгыштан батышка карай башкарып бара жаткан. Ошол маалда жөө жүргүнчү өтүүчү жолдо бараткан Жазгүлдү (аты өзгөртүлдү, Ж.К.Э.) сүзүп кеткен. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Кызды сүзгөн унаа
Автомобиль «Хонда Фит», совершивший наезд на 23-летнюю девушку

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Руслан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенин билип, ошол эле учурда жабыр тарткан кызга жардам бергенге толук мүмкүнчүлүгү бар туруп (жанында дагы беш адам болгон) эч кандай жардам көрсөткөн эмес.

Сот отурумунда Руслан жол кырсыгына кабылганга чейин унааны ижарага алып, такси кызматында иштеп жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, 1-февраль күнү достору Д.Е.А., К.К.Д., М.Н.Р., К.А.В., М.В.А. менен спирт ичимдиктерин ичкен. Мас абалда болгондуктан ал жол кырсыгында эмне болгонун жана рулда ким отурганын так билбейт. Мындан улам айыпталуучу сотто күнөөнү мойнуна албай турганын, видеодо жол кырсыгы учурунда рулда болбогонун билдирди. Ал ошол учурда унаадан кулап түшкөн. Аны достору көтөрүп, унаага отургузуп алып кетишкен. Бул убакта эс-учун жоготуп койгондуктан башкаларга эмес, ошол учурда өзүнө жардам керек болгондугун кошумчалады.

Руслан бул жол кырсыкта өзүн жана жанында жүргөн досторун күнөөлүү деп эсептейт. Ал жабырлануучу тараптан эс-учун жоготуп койгондуктан кызга эч кандай жардам көрсөтө албай калгандыгына байланыштуу кечирим сурады.

Сот отурумунда жабырлануучу тарап Эрик (аты өзгөртүлдү, Ж.Э.Б.) каза болгон кыздын атасы экенин айтты. Ошол күнү кызы эртең менен күндөгүдөй эле жумушка кеткен. Ал бала бакчада тарбиячы болуп иштечү. Болжол менен саат 09:00-10:00 чамасында кызын унаа сүзүп кеткени жөнүндө кабарды уккан. Алар ооруканага барганда ал жерден милиция кызматкерлери Русланды алып келишкенин көргөн.

Эрик тергөө иштери туура эмес жүргүзүлгөнүн, жол кырсыгы болгон жерден унааны ким айдаганын тактоо үчүн дактилоскопиялык экспертизага унаанын рулунан манжанын издери алынбаганын айтты. Ошондой эле унаанын ичиндеги бардык адамдар жаракат алган кызга жардам көрсөтпөгөндүгү үчүн айыпталышы керектигин билдирди.

Күбөнүн билдирүүсүнө караганда, эртең мененки саат 07:00 чамасында катуу үн уккан. Эмне болгонун билүү үчүн окуя болгон тарапка барган. Айыпталуучу бала (Руслан) унаанын аркасында жаткан. Анын жанындагы балдар аны эсине келтирүүгө чара көрүп жатышкан. Күбөнүн сөзү боюнча, ал жерде 5 адам болгон: 2 кыз жана 3 жигит. Алар айыпталуучу баладан «Руслан сага эмне болду?» деп абалын сурап жатышкан. Күбө «кандайдыр бир жаракаты болуп калбасын, тийбегиле» деген. Аларга тез жардам чакырып жардам көрсөтөйүн дегенде, өздөрү ооруканага жеткирерин билдиришкен. Айыпталуучуну кырсыкка кабылган унаанын артына салып, бирөөсү рулга отуруп кетишкен. Күбө Русланды көтөргөндө башынан кан тамчылап жатканын байкаган. Бирок ошол учурда кырсык болгон жерден кызды көргөн эмес. 20 мүнөт убактан кийин сыртка кар тазалаганы чыгып, башка адамдардан арыкта кыз жатканын уккан.

Күбө Дамирдин (аты өзгөртүлдү, Д.Е.) айтымында, Руслан акыркы 8-9 күндөн бери анын үйүндө жашап жаткан. Окуя болгон күнү дагы ал күбөнүн үйүндө калган. Руслан сүйлөшкөн кызына кетип, кайра келгенде чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен. Ичимдиктери түгөнүп калганына байланыштуу бардыгы дүкөнгө чыгышкан. Дамир кайра үйгө кайтып келе жатканда эмне болгонун билбей калган. Бакты сүзгөндө гана «Эмне? Кантип? Каякта?» деген кыйкырыктардан улам ээсине келген. Ал убакта унаада 5 адам отурган. Руслан унаа бакка урунганда жерге түшүп калган. Унаанын айнеги дагы сынып кеткен. Андан соң алар Русланды издеп башташкан. Көп өтпөй алар унаадан 5 метр алыста эс-учун жоготуп жаткан Русланды көрүшкөн. Ошол маалда бир эркек киши жардам берүүнү сунуштаган. Бирок алар андан баш тартышкан. Русланды унаага салып, ичимдик ичкен үйгө кайтышкан. Үйгө жетип, баары уктаганы жатышкан. Кийин Руслан ээсине келген. Андан соң милиция кызматкерлери келишкен.

Дамирдин айтымында, унааны Руслан айдап бара жаткан. Анын жанындагы орунда Валентин (аты өзгөртүлдү, В.) отурган. Калгандары арткы орунда баратышкан. Кырсыктан кийин унааны Валентин айдаган, бирок ал дагы мас абалда болчу.

Күбө Каймиранын (аты өзгөртүлдү, К.К.Д.) айтымында, Надя (аты өзгөртүлдү, Н.) менен №6 мектептин жанында жүрүшкөн. Руслан телефон чалып, келгенин айтып чакырган. Андан соң алар спирт ичимдиктерин ичишкен. Евгенийге (аты өзгөртүлдү, Е.) келип, кайрадан ичишкен. Эртең мененки саат 07:00 чамасында дүкөнгө чыгып, жолдо кар болгондуктан унаа тайгаланган. Андан соң ал эч нерсе билбей калган. Кыздын айтымында, баары мас абалда болчу. Ал Руслан жерде жатканын эле көргөн, ал эми кызды көргөн эмес.

Күбө Валентиндин айтымында, кырсык болгон күнү өзүнүн үйүндө бардыгы эс алып ичип отурушкан. Кечинде спирт ичимдиктери түгөнүп калганына байланыштуу жөө барып, арак алып келейин деген. Ошондо Руслан унаа менен барууну сунуштаган. Баары унаага отуруп дүкөнгө барышкан. Керектүү нерселерди сатып алып, унааны ичи тар болгондуктан бир аз убакытка ары-бери басып сыртта турушкан. Андан соң баары унаага кирип, ал эми Валентин Русландын жанына отурган. Дубовицкая көчөсүнөн бурулуп, жол чырагында кызыл белгиси күйгөндө токтоп, андан кийин жашыл күйгөндө жөнөшкөн. Руслан катуу айдап бара жатканда ал акырын айда деп айткан. Руслан токтоюн дегенде катуу сокку болгон. Валентин «баарыңар тирүүсүңөрбү?» деп кыйкырган. Руслан тарапты караганда ал ордунда жок болгон, унаанын эшиги ачылбай, ал арткы эшик аркылуу сыртка чыккан. Көчөдөн Русланды эсине келтирүү аракеттерин көрүшкөн. Евгенийдин үйүнөн Русландын жаракаттарын тазалашкан. Валентин спирт ичимдигин алып келгени чыгып кеткен. Ал келгенде милиция кызматкерлери үйдө болгон. Андан соң апасына барган. Аялы телефон чалып, кыз тууралуу айткан. Валентин чочулаган бойдон милиция бөлүмүнө барып, ал жерден балдарды көргөн. Валентиндин айтымында, Руслан кырсык болгон жерде унаадан 5-6 метр алыста жаткан.

Күбө Сыймыктын (аты өзгөртүлдү, Т.у.С.) айтымында, каза болгон кыздын жигити болгон. Акыркы жолу Жазгүл менен 1-февраль күнү болжол менен саат 06:50 чамасында сүйлөшкөн. Жазгүл Токмокко зоопарк келгенин айтып, көрүп келүүнү сунуштаган. Алар саат 17:00дө жолугууну пландап жатышкан. Кыз жигити Сыймыкка айлык алганын айтып, жанында 10 000 сом бар экенин билдирген.

Күбө телефондон кыздан кайсы жерге жеткенин сураганда жумушка 10-15 мүнөт калганын айткан. Андан соң кандайдыр бир катуу үн чыгып, балдар-кыздардын үндөрүн дагы уккан. Бир мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн. Саат 08:20 чамасында доктурлар телефон чалып, Жазгүлдү унаа сүзүп кеткенин кабарлашкан.

Жыйынтыгында Токмок шаардык соту Русланды күнөөлүү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Ошондой эле 2 жылга транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратылды.

Чечим 2019-жылдын 30-июлунда кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×