Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 14.08.2019 15:35

Жаш боксчу Б.Эргашев Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Машыктыруучу эмнеге нааразы? Сүрөт

Turmush -  Кочкор-Ата шаарынын 14 жаштагы тургуну Бекзат Эргашев Кувейтте өткөн бокс боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль багындырды. Ал 1-10-август күндөрү өткөн чемпионатка ата-энеси жана туугандары акча чогултуп жөнөтүшкөнүн аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Өзүнүн айтымында, Кочкор-Ата шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгат.

«Буга чейин Кыргызстандын ичиндеги мелдештерге, кийинчерээк эл аралык мелдештерге катышып, чемпион болгом. Быйыл 1-10-август күндөрү Кувейтте окуучулар арасында өткөн Азия биринчилигине катышууга жолдомо алдым. Тилекке каршы, каражаттын жоктугунан машыктыруучум бара алган жок. Чындыгында каражат жагынан эч ким көмөктөшкөн жок. Ата-энем, туугандарым жана аяш атамдар акча топтошуп, мындан сырткары демөөрчүлөр жардам берип, жалгыз барууга туура келди. Чемпионаттын жыйынтыгында 2-орунду ээледим. Эгер машыктыруучум чогуу барганда мен 1-орунду алмакмын», - дейт жаш мушкер Бекзат.

Ал эми анын машыктыруучусу Темирбек Капаров Кувейтке баруу үчүн бир адамга 140 миң сом сарптала турганын, тилекке каршы ошол учурда спорт агенттиги же жергиликтүү бийликтен колдоо болбогонун айтты.

«Бекзат өзү абдан аракетчил, тарышчаак. Мен анын жеңишке жетишине ишенгем. Буга чейин Кочкор-Ата шаарынын тарыхында Азия чемпионатында күмүш медаль алган учур болгон эмес. Мелдешке барган 30дай мамлекеттин мушкерлери 14 түрдүү салмактык категорияда катышты.

Бекзат 35 кг салмакта рингге чыгып, биринчи оюнда кувейттик мушкер менен беттешке чыгып, жеңилип калды. Экинчисинде Иорданиядан келген мушкер менен чыгып, аны 5:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда филиппиндик мушкерди жеңип, финалда өзбекстандык спортчуга 3:5 эсебинде жеңилип калды. Ошентсе дагы Бекзат күмүш медалга ээ болуп, жакшы жыйынтык көрсөттү.

Ушундай мелдешке бара жатканда жергиликтүү бийлик же мамлекет тарабынан колдоо болбогону бизди өкүндүрөт. Бекзаттын ата-энеси жана туугандары каражат жагынан жардам берип, чемпионатка жөнөтүштү. Болбосо биз бара алмак эмеспиз», - деди жаш спортчунун машыктыруучусу.

Кочкор-Ата шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде учурда 80дей бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×