Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуТалас району 14.08.2019 15:45

Таластын Көк-Кашат айылындагы мектептин экинчи корпусунун курулушу 80% бүттү

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылындагы А.Огомбаев атындагы мектебинин экинчи корпусунун курулушу 80% бүттү. Бул тууралуу мектептин директору Жаңыл Сүйүнтбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда мектепте 450 бала билим алып жатат.

«375 орунга ылайыкталган мектептин курулушу 2012-жылы башталган. Мектептин жалпы сметалык баасы 103 млн сом. Тилекке каршы бюджеттен акча каралбай калып, 2015-жылы мектептин бир бөлүгү гана бүтүп, экинчи жарымы (1 корпусу) бүтпөй калган. Биз бүткөн бөлүгүндө окуп жатканбыз. Быйыл жаңы окуу жылына карата мектебибиздин жарымы курулуп бүткөнү жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×