Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Токмок 13.08.2019 09:56 На русском

«Жер титирегендей болду»: Темир жолдогу кырсык тургундардын жүрөгүн түшүрдү. Видео

Turmush -  Токмок шаарында темир жолдо кырсык болду.

«Биз үйдө болчубуз. Бир маалда жер титиреп, бир нерсе катуу кагылышкан сыяктуу болду. Бир нерсе жарылдыбы деп ойлогонбуз. Жүрөк түшүп калды», - деди күбөлөр.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын төрагасынын орун басары Русланбек Кадыркуловдун маалыматы боюнча, окуя 12-августта саат 22:00 чамасында болгон.

Вагон менен бара жаткан локомотив токтоп турган вагонду сүзүп, рельстен чыгып кеткен. Кадыркуловдун айтымында, катуу жаракат алган адам болгон жок. Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×