Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуТоң району 12.08.2019 14:50 На русском

Тоңдо 45 жаштагы аял толкун учурунда көлгө чөгүп каза болду

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Turmush -  Тоң районунда 45 жаштагы аял көлгө чөгүп каза болду. Бул кабарды Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 9-август күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Тоң районунун Бар-Булак айылында Д.Ф. аттуу аял көлгө чөгүп каза болгон. Болжолдуу маалыматтарга караганда, аталган аял көлгө түшүп жаткан учурда толкун болуп жаткан. Д.Фатима 1974-жылы Чүй облусунда туулган. Ал чөккөн аймакка жакын жерде жылуу суу да чыгат.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда бир күндө 4 адам көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымдалган. Бөөдө кырсык 10-августта Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде болгон.

Turmush басылмасы алгач Чолпон-Ата шаарында 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кеткенин жазган. Кырсык шаардык пляжда катталган. Көлгө чөгүп кеткен жигит Баткен облусунда 2000-жылы туулган А. уулу Н. экендиги аныкталган болчу.

Болжолдуу маалыматка караганда, эки дос көлгө түшүп жатканда чөгүп башташкан. Жардамга келген куткаруучулар алардын бирин гана куткарууга үлгүрүшүп, суудан тирүү алып чыгышкан.

Экинчи кырсык «Бостери» пансионатында саат 16:00 чамасында катталган. Эс алуучулар суудан адамдын кийимин көрүп, куткаруучуларды чакырышкан. Ал жерге ӨКМдин куткаруучулары жана милиционерлер жетип, чөгүп кеткен адамдын денесин табышкан. Ал Талас облусунун Кара-Буура районунун 1989-жылы туулган тургуну Б.Т. экени аныкталган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, ал жалгыз эс алып жүргөн.

Саат 13:40 чамасында «Бостери» пансионатында өспүрүм сууга чөгүп кетти. Ал Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунун 2007-жылы туулган тургуну К.Р. экени аныкталган. Маркум Ысык-Көлгө эс алууга апасы менен келген. Бала борбордогу мектептердин биринде окучу.

Дагы бир кырсык Кош-Көл айылындагы пляжда катталган. Көлгө чөгүп кеткен жаран Кемин районунун Орловка шааарынын тургуну Т.А. экени аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×