Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусу, Ош 12.08.2019 13:20

Ошто эл аралык театр фестивалы өтөт

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жетекчиси Шералы Бекташов билдирди.

Анын айтымында, «Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» салтанатынын алкагында «Арт-Ордо» эл аралык VII театр фестивалы өткөрүлөт. Иш-чара 23-сентябрдан 28-сентябрга чейин созулат. Анын алкагында атайын комиссия тарабынан тандалып алынган 12 өлкөнүн спектаклдери коюлат. Аны менен катар Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×