Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуТалас району 12.08.2019 09:16 На русском

Айыл турмушу: Таластык уста К.Базарбаев кыш менен очокторду салып иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районундагы Жоон-Арык айылынын 53 жаштагы тургуну Кемелбек Базарбаев заманбап очокканаларды салып, устачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Негизи устачылык ата-бабабыздан азыркы муунга чейин уланып келе жатат. Менден башка акем, инилерим дагы устачылык кылышат. Атам айылга белгилүү темир уста, чоң атам жыгач уста болгон.

23 жыл жүк ташуучу унаа айдап иштегем. Чет жактарга көп чыгып, ошол жактан газ жагылуучу очоккананы көрүп кызыгып калгам. Анан өзбек жигиттен ал очоктун курулушун үйрөндүм. Алгач досума, анан өзүмдүн үйүмө курдум. Эл биринен бири угуп, буйрутмалар келе баштады.

Устачылык менен алек болгон жагат. Ойлонуп идея жаратып, бир нерсе жасоодон ырахат алам. 70тен ашык очоккана жасадым. Көбүнчөсү Талас ичинде, Бишкекте дагы буйрутмалар болуп турат. Айылда сыртка, Бишкекте көбүнчө бөлмөнүн ичине салдырышат. Кардардын каалоосу менен жасалат. Анда 2 же 3 көз казан жайгашкан жери жана шишкебек бышыруучу бөлүгү деп бөлүнө берет. Бирок стандарты 3 көздүү болуп саналат. Ага 300 кирпич, сыртын кооздоого 150 кирпич керектелет. Кардарга материалын эсептеп берем. Аларды өзү сатып келип камдап коёт. Мунун жөнөкөй очокканадан айырмасы чоң жана бир катар артыкчылыкка ээ. Убакыттан дагы үнөм болот. Себеби от тез тутанат. Жалын казандын түбүнүн бардык тарабына бирдей тийгендиктен, тамак тезирээк бышат. Очок түтөбөй, очок жайгашкан жердеги бастырма же бөлмө көө болбой таза турат.

Эмгегим үчүн акым 3000-5000 сомго чейин болот. Эгер кооздук иштери татаал болуп, колду кармаса кымбатыраак болот. Дайыма эле эмгек акым мынча болот деп тура бербейм. Кардардын жашоосун эске алам. Шарты орто же төмөн болсо арзан, кээде бекер жасап берем. Колунда жокторду аяйм. Буйрутмалар көп болуп кеткенде жардамчы алам. Аз болсо өзүм жетишем», - деди ал.

Уста 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×