Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 08.08.2019 12:02

Күрөк көтөрүп, цемент төшөгөн корей студенттери Кара-Суудагы мектепти оңдоого жардамдашты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда кореялык ыктыярчы студенттер мектептин оңдоп-түзөө иштерине жардам беришти. Бул тууралуу Ак-Буура орто мектебинин директору Зулфия Сүйүнова билдирди.

Кечээ, 7-август күнү Кара-Суу районундагы Ак-Буура орто мектебине Түштүк Кореянын Сонгсиль (Soongsil) университетинин Ош шаарындагы ыктыярчы студенттери барышкан. Аларды корей тили борборунун директору Ким Бу Гиль жана Сонгсиль университетинин мугалимдери коштоп барды.

Студенттер спорт аянтчасын жана гүл отургузулган жерлерди боёп, мектептин алдына цемент төшөө иштерине жана турниктерди орнотууга жардам беришкен. Иш-чарага мектептин ата-энелер комитети да катышты.

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн өкүлү Кулпунай Мукамбетова Ош шаарындагы корей тили борборунун директору Ким Бу Гилге айыл өкмөт башчынын ыраазычылык катын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×